Захарова Латвияда Георгий тасмасын тагынууга тыюу салган саясатты айыптады

© Фото / пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүТИМ өкүлү Мария Захарова
ТИМ өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
ТИМ өкүлү кара санатайлыкты жеңген ак ниеттүүлүктүн символдоруна тыюу салуу саясатта жасала турган маани-маңызы жок кадам деп белгиледи.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Латвияда Георгий тасмасын коомдук жайларда тагынып жүрүүгө тыюу салуу дүйнөлүк коомчулукка ардагерге тагылган Жеңиштин символун эмес, ошол өлкөнү жаманатты кылат. Бул туурасында ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Сиздерге айта кетейин, бардык эл аралык аянтчаларда тарыхый чындыкты талашабыз, буга чейин кандай кадам жасасак, аны мындан ары да улантабыз", — деген ал онлайн-конференция учурунда.
Дипломат мындай кадамдын төркүнү белгилүү экенин баса белгилеген. Аны айтымына караганда, Рига "азыркы администрация учурунда айтылгандарды аткарам деген аракет менен саясий жана укуктук чечим кабыл алууда эл аралык укуктук принциптерге, басмырлоону четке кагууга каршы келген кадамдарды жасап жатат".
РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Хинштейн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Россия улутчулдарды киргизбейт. Мыйзам долбоорунун чоо-жайы
Захарова муну бекер жерден белгилеген эмес. Георгий тасмаларын тагып жүрүүгө, тагыраагы, "ар бир онунчу адам "атуулдун эмес", маскара кылган бул статусун алып жүрөт" деп Латвия тыюу салган.
Тышкы саясат боюнча ведомствонун өкүлү эл аралык укуктук негиздери бар, андан сырткары, кара санатайлыкты жеңген ак ниеттүүлүктүн символдоруна тыюу салуу саясатта жасала турган тантыраган, маани-маңызы жок кадам деп белгиледи.
"Бул символдор идеология менен саясаттагылардын тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн концепцияларынын алкагына сыйбай эле жашап келе жатат. Бул символдор бирөөлөрдүн башкалардын тынчтыкта, бейпилдикте жашашы үчүн тарткан азаптарын чагылдырып берет. Улуу Жеңиштин бардык нерседен бийик турган идеясына тыюу салуу эч качан жана эч бир жерде эч кимдин колунан келбейт", — деп сөзүн жыйынтыктаган дипломат айым.
Латвиянын Сейми өлкөдө аталган тасманы коомчулукта расмий колдонууга тыюу салган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, блокадачылардын, тылдагылардын саны Балтика боюндагы бул өлкөдө 4 000ге чукулдап барат. Аталган кабар чагылгандай тез тарап, ал коомчулук менен медианын эл аралык деңгээлде кызуу талкуусун жаратты.
Ар жылы 9-майда Риганы бошотуучулар деп аталган эстеликтин алдына жүз миңдеген адам Жеңиш майрамын белгилөө үчүн чогулат.
Президент РФ В. Путин принял участие в онлайн-заседании Совета глав государств СНГ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Путин КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазы болду
"Георгий тасмасы" акциясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган. Идеясы 2005-жылы РИА Новости агенттигинде "Студенттик жамаат" коомдук уюмунун катышуусу менен болгон иш-чарада пайда болгон. Андан бери бул акция бир гана Россияда белгиленбестен, эл аралык деңгээлге чыккан.
Муну менен катар эле Латвияда жыл сайын СС легионерлеринин — Нюрнберг трибуналы менен кылмыштуу топ деп таанылган уюмдун жүрүшү өтүп келет. Алар эл алдында нацисттердин сыйлыктары менен символикасын ачык тагынышат, ага депутаттар менен аткаминерлер катышкан учурлар болот. Бул жүрүштү дүйнөнүн көп өлкөлөрү, анын ичинен Россия да айыптап келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0