АКШ: Рождество парадында жолтандабас элди тебелеп кеткен видео

© REUTERS / SCOTT ASH/USA TODAY NETWORKВисконсин штатындагы Уокешо шаарында парад учурунда жолтандабас элди тепелеп кеткен жердеги полиция кызматкерлери
Висконсин штатындагы Уокешо шаарында парад учурунда жолтандабас элди тепелеп кеткен жердеги полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Парадды жергиликтүү телеканалдар түз эфир менен көрсөтүп жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, окуя майрам аяктап калганда болгон.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШда катуу ылдамдык менен келген жолтандабас майрамдык параддагы элди аралап кетип, бир нече адамдын каза болгонун NBC DFW. кабарлады.
Окуя Висконсин штатындагы Уокешо шаарында болгон. Парадды жергиликтүү телеканалдар түз алып көрсөтүп жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, окуя майрам аяктап калганда болгон.
Кадрдан кызыл жолтандабас чогулуп тургандарды аралап кеткенин көрүүгө болот. Дал ушул маалда өспүрүмдөр менен балдардын "Бийлеп жаткан чоң энелер" деп аталган тобу өз өнөрүн көрсөтүп жаткан.
Анын кесепетинен бир нече адам каза таап, 20га чукул киши жаракат алган.
"Автоунаа 20га чукул адамды тебелеп кетти, арасында балдар бар... Көз жумгандар жок эмес, азырынча эч нерсе дей албайбыз", — деген Уокеши полициясынын башчысы Дэниел Томпсон шаардын Facebook баракчасындагы түз эфирде.
Жергиликтүү бийликтин дагы бир өкүлү жаракат алган 11 чоң киши жана 12 бала ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.
Окуя болгондон кийин полиция кырсыктуу автоунааны көздөй ок чыгарган. Алдын ала берилген маалыматтарда, айдоочу жооп кылып аткан эмес. Октон эч ким жабыркабагандыгын жана учурда абал көзөмөлгө алынганы кабарланды. Полиция бир кишини кармаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0