Аяздуу суукта смартфонду кантип абайлап пайдаланыш керек. Кеңештер

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүПутешествие на "снежном автобусе" по Хибинам
Путешествие на снежном автобусе по Хибинам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Адис аппаратка башынан кам көрүп катуу, аяздуу суукка чыкканда жылуураак кармап жүрүүгө кеңеш берген.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Смартфондун аккумулятору менен экраны суукта калса башка бөлүктөрүнө караганда бузулуу ыктымалдыгы жогору. Бул туурасында РИА Новостиге мобилдик компаниялардын биринин абоненттик жабдуулар жана тармактын байланышын колдоо боюнча адиси Алексей Верещагин айтып берген.
"Суукта калганда телефондун эки элементи — химиялык аккумулятор менен дисплейде маселе жаралат. Аккумулятор көпкө чейин, өзгөчө, суук болгондо чыдабай калат... Ал эми суюк криссталдын динамикасы аязда начарлап, бул ЖК-сенсор менен экранга өзүнүн таасирин тийгизет", — деген Верещагин.
Ноутбук жана смартфон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Адис смартфонду хакерлер талкалап киргенин кантип билсе болорун айтты
Эксперт суукта телефондун канча убакытка чейин өчпөй тургандыгын көрсөткөн сандарына анча ишене бербеш керектигин айткан.
Верещагиндин айтымында, аяз аппараттын ичиндеги түзүлүштөргө да "каарын" тийгизгендиктен үн тунук угулбай начарлап, гаджет, аксессурлар да өзгөрүүгө учурашы мүмкүн. Бул сыртка чыга калганда эле эмес, акырындап боло турганын белгиледи.
Мындай нерселерден алыс болуш үчүн башынан кам көрүп, катуу суука чыкканда аппаратты жылуураак кармап жүрүүгө кеңеш берет. Ал эми баары бир аязда кармап жүрүп калсаңыз үйгө киргенде дароо жылуу нерсеге кое койбой, салкыныраак жерде бир нече убакыт кармап туруу керектигин эскерткен.
"Мисалы, тышкы кийимдин чөнтөгүнө же сумканын ичине сала туруш керек. Смартфонду үйдөгү температурага акырындап "көндүрүү" керек, бул ичиндеги маанилүү тектиктердин иштен чыгып калышынан сактайт", — деген эксперт.
Верещагин ашыкча нымдуулук да зыяндуу экендигин айткан. Маселен, аяздуу эшиктен аппаратты мончого алып кирген учурларда аны сууга салып жибергендей эле болот деп салыштырган.
Адис катуу суукта тез кубаттагычка койбош керектигин да айткан. Такыр эле болбой өчүп бара жатса, анча кубаттуу эмесине туташтырып, аны да акырына дейре эмес, 40-50 пайыз толгуча кармап, андан соң сууруп коюуга кеңеш берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0