ЖМК: Байден экинчи ирет президент болууга ниеттенип жатат

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
USA Today басылмасы менен Саффолк университетинин ноябрдагы сурамжылоосу азыркы мамлекет башчынын ишмердүүлүгүн шайлоочулардын 38 пайызы гана колдой тургандыгын көрсөткөн.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден экинчи ирет президент болуу ниетин билдирип, 2024-жылдагы шайлоого катышууну көздөп жатат. Бул туурасында Washington Post жазган.
USA Today басылмасы менен Саффолк университетинин ноябрдагы сурамжылоосу азыркы мамлекет башчынын ишмердүүлүгүн шайлоочулардын 38 пайызы гана колдой тургандыгын көрсөткөн. Ал эми көпчүлүк азыркы президенттин мындай кадамына каршы экендигин билдирген.
Байден 82 жашында 2024-жылы өтө турган АКШ президентинин шайлоосуна катышуу ниетинде. Анткен менен демократтар (ал учурда 57 жашка чыга турган) Камала Харриске басым жасап жатышат.
Газета акыркы күндөрү президенттин тегерегиндегилер анын кайрадан шайланууга даяр экендигин билдиргенин кабарлады. Ошол эле учурда партия Байдендин жаш курагын, Ак үйдүн колдоосу төмөндөгөнүн жана пандемия менен инфляция боюнча электораттын түйшөлгөнүн эске алып, бул чечимден күмөн санап жатканы жазылган.
"Андан бир эле нерсени, кайрадан шайлоого катышууну пландап жатканын уктум", — деген президенттин досу, мурдагы сенатор Крис Додд.
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Байден ыйгарым укуктарын убактылуу вице-президентке тапшырат. Себеби
Анткен менен Демокарттар партиясынын 28 стратеги жана аткаминерлеринин маегинин жыйынтыгында, Байдендин жана анын командасынын айткандары беркилерди ынандыра алган эмес.
Басылма эгерде Байден чын эле шайлоого катышам деп чечсе, демократтардын расмий адамдары алгачкы этапта колдой турганын жазган. Муну менен катар эле айтылган пландарынан баш тартса праймериз алдында партия лидерсиз калат. Газета вице-президент Камала Харрис көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албайт деген пикирди да жазган. Транспорт министри Пит Буттижич бул өнөктүктөгү мүмкүнчүлүгү жакшы талапкер катары каралган. Маалыматта расмий жарыя Конгресстеги кезектеги шайлоолор бүтмөйүн жасалбастыгы жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0