Эксперт арзандатуу жумасында шылуундар колдончу ыкмаларды айтып берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСкидки в Симферополе
Скидки в Симферополе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Алдамчылар сайттарды жасалмалап дүкөндүн атын бир тамга менен алмаштырып же "О" тамгасынын ордуна "0" цифрасын коюп коюшу ыктымал.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Арзандатуулар жумасы башталганда дүкөндөр эле эмес, алдамчы шылуундар да капчыгын кампайтышы мүмкүн. Бул туурасында "Зенит" банкынын киберкоопсуздук департаментинин директору Олег Волков РИА Новостиге билдирген.
Адистин айтымында, шылуундар атактуу дүкөндөрдүкүнө окшош жасалма сайт ачып, банктык карталардын маалыматын чогултат.
"Арзандатуу жумасында алдамчылар жанданып, киберчабуулдардын саны өсөт. Көбүнчө алар белгилүү дүкөндөрдүн жасалма сайтын түзүп, онлайн сатып алууларга ири суммада арзандатууну убадалайт. Анан кардарлар онлайн төлөм сервисине киргенде дароо жазылган картасынын маалыматын жашыруун коду менен кошо даркнетке сатып жиберет", — деди Волков.
Банковские карты VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Банктык картадагы акчаны шылуундардан кантип коргосо болот? Жол-жобосу
Эксперт шылуундардын тузагына түшүүдөн сактануу үчүн жөнөкөй эле эрежелерди эске алууну сунуштайт. Мисалы, кызыктырган жарнама кандай сайтта турганын дыкат текшерүү керек. Чыныгы дүкөндөн атын бир тамга менен алмаштырып же "О" тамгасынын ордуна "0" цифрасын коюп коюшу ыктымал.
"Белгилүү интернет-дүкөндөрдүн сайтында соода маркасын көрсөткөн дареги жазылат. Эгер сайттын аталышында кандайдыр бир кошумча символдор жок болсо же .org, .info деген сыяктуу коммерциялык эмес домен жазылса, онлайн сатып алууну дароо токтотуш керек", — деди адис.
Олег Волков интернеттен сатып алуу үчүн өзүнчө банктык карта колдонуп, ага керектүү учурда гана акча салып туруу керек деп эсептейт. Эгер карта негизги эсепке уланган болсо, каражат чыгарууну чектеп коюш керек, мисалы, күнүнө 3-5 миң рубль гана иштетүүгө мүмкүнчүлүк берип койсо болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0