Индия: мотоцикл коюп кеткен киши моргдо жети саат жаткан соң "тирилген"

© AFP / PHILIPPE LOPEZМорг больницы в Париже
Морг больницы в Париже - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Жети саат өткөндөн кийин туугандары анын Шрикеш Кумар экенин таанып, өлгөн себебин билиш үчүн аны союп, органдарын текшерүүгө уруксат беришкен.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Индияда мотоцикл коюп кеткен киши моргдо муздаткычта жети саат жаткандан соң "тирилип" кеткен. Бул туурасында IANS агенттигини шилтеме берип РИА Новости жазган.
Көчөдө бараткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2018
Аркы дүйнөгө узады деген кемпир өлүкканадан "тирилген". Туладагы окуя
Жети саат өткөндөн кийин туугандары анын Шрикеш Кумар экенин таанып, өлгөн себебин билиш үчүн ичип союп, органдарын текшерүүгө уруксат беришкен. Бирок анын сүйлөшкөн кызы жабырлануучунун дем алып жатканын байкап, медиктерге билдирген.
"Тез жардамдын кызматкери бейтапты түнкү саат үчтө карап, жүрөгү сокпой калгандыгын билдирген. Кумарды бир нече ирет карап текшергенден кийин өлүкканага жеткирүүнү айткан. Бирок эртең менен полиция жана анын туугандары жабырланган кишинин тирүү экенин байкашкан. Бул окуядан кийин иликтөө жүргүзүү тапшырылган. Азыр биздин башкы ишибиз Кумардын өмүрүн сактап калуу", — деген Морадабад ооруканасынын доктору Шив Сингх.
Учурда бейтапты Мират шаарындагы медициналык борбордо дарылап жатышат. Азыр абалы кадыресе жакшы болуп калгандыгын билдиришкен. Сүйлөшкөн кызынын айтымында, эсине толук келе элек. Ал дарыгерлердин мындай шалаакылыгын жөн калтырбай, тиешелүү жакка арыз жазышарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0