TikTok челлендждер өспүрүмгө кандай таасир этерин иликтеп, чектөө койду

© AFP / EVA MARIE UZCATEGUIКыздар TikTok телефонго жаздырып жатышат. Архив
Кыздар TikTok телефонго жаздырып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Иликтөөнүн алкагында адистер фейк менен челлендждер өспүрүмдөргө кандай таасир этерин байкап көрүшкөн. Иликтөөгө Аргентина, Австралия, Бразилия, Германия, Италия, Индонезия, Мексика, АКШ сыяктуу мамлекеттерден колдонуучулар катышкан.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. TikTok социалдык тармагы изилдөө жүргүзгөндөн кийин кооптуу болушу мүмкүн делген челлендждерге жана атайын сахналаштырылган видеолорго каршы күрөшө баштады. Бул тууралуу сервистин расмий сайтында жазылды.
Иликтөөнүн алкагында адистер фейктер менен челлендждер өспүрүмдөргө кандай таасир этерин байкап көрүшкөн. Иликтөөгө Аргентина, Австралия, Бразилия, Германия, Италия, Индонезия, Мексика, АКШ сыяктуу мамлекеттерден колдонуучулар катышкан.
TikTok тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
АКШда өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги белгинин жардамы менен куткарылды
Катышуучуларга акыркы көргөн челленджди канчалык кооптуу деп эсептейсиз деген суроо берилген. Катышкандардын 48 пайызы ал жашоого жана ден соолукка эч зыянын тийгизбей турганын айткан. 32 пайызы негизинен коопсуз, бирок ойлондура турган жагдайлар бар экенин айтышкан. Ал эми 14 пайызы челлендждерде тобокелдик көп экенин билдирсе, 3 пайызы бул өнөргө таптакыр жолобой турганын айткан.
"Анткен менен өтө көңүлдүү жана коопсуз челлендждер дагы жок эмес. Мисалы, 2014-жылы популярдуу болгон #IceBucketChallenge акциясы каптал амиотрофикалык склероз илдети бар адамдарга тилектештик кылууга жардам берген. Ал эми үй-бүлөгө арналган #BlindingLightsChallenge акциясы ар кайсы муундагы туугандарды жакындатып, ынтымакка чакырууга шарт түзгөн", — деп айтылат изилдөөнүн жыйынтыгында.
Эми сервис коопсуздук кызматына кайсы бир эреже бузуулар тууралуу дароо маалымат түшүшү үчүн жаңы техникалык инструменттерди киргизгени жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0