Адистер жакын арада дүйнөдөгү бардык учактар бийигирээк учаарын болжошууда

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Окумуштуулар аныктагандай, глобалдуу ысык аба ырайынан улам атмосферанын акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү деңгээли 100 метрге кеңейген.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Климаттагы глобалдуу өзгөрүүлөр учактардын ишине да таасир этиши мүмкүн. Бул туурасында Science Advances жазып чыкты.
АКШнын Атмосфералык изилдөөлөр боюнча улуттук борборунун окумуштуулары атмосферанын эң төмөнкү деңгээли – тропосферанын көлөмү чоңойгондугун аныкташты. 2001-2020-жылдар аралыгында глобалдуу температуралык жогорулоодон улам ал болжол менен 106 метрге кеңейген.
Атмосферада көбүрөөк жылуулук кармалгандыктан тропосфера кеңейүүдө. Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш учактардын абанын башаламан агымынан (турбуленттик) кутулуу үчүн бийик учуусуна себеп болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0