Aurus учагынын ички жасалгасын Dubai Airshow учурунда көрсөтүштү. Видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүAurus компаниясынын логотиби. Архив
Aurus компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Адистер журналисттерге Aurus учагынын башкаруу системасынын коопсуздугу өтө жогорку деңгээлде экендигин айтып беришкен.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия Дубайдагы авиасалондо Aurus бизнес-жеттин ичи кандай жабдылып, жасалгандыгын көрсөтүштү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аба кеменин ички бөлүгү Sukhoi Superjet 100дүн базасында түзүлүп, экиге бөлүнгөн. Биринчисинде ар кыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, тамактанууга болот. Ал эми экинчи бөлүгүндө диван жана ЖК-панелдер орнотулган.
Салонго билинер-билинбес көгүлжүм жарык түшүп турат.
Кокпит эки учкучка эсептелген жана люкстук лайнер 7,2 чакырымга уча алат.
"Учакты башкаруу системасынын коопсуздугу өтө жогорку деңгээлде, адамдын колу тийген учурлар аз болот", — деп айтып берген РИА Новостиге SSJ өкүлү.
Презентация автомобиля Aurus на международной выставке вооружений IDEX-2019 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2019
Путинди ташыган лимузиндин ички көрүнүшү. Видео
Мурдараак Соода-өнөр жай министрлигинин жетекчиси Денис Мантуров маалымат берген. Ал Dubai Airshow көргөзмөсүндө Superjet комплектациясындагы Aurus учагынан сырткары россиялык ПД-14 кыймылдаткычы салынган МС-21-310 жана абадан көрсөтүлгөн каршылыктан коргонуучу зениттик-рекаталык "Витязь" С-350Е системасы коомчулукка тартууланарын айткан. Андан сырткары, бешинчи муундагы Су-75 Checkmate истребителин да алып барышарын билдирген.
SSJ100 — россиялык орто магистралдык жүргүнчү лайнери. Биринчи ирет 2008-жылдын май айында абага көтөрүлүп, үч жылдан кийин пайдаланыла баштаган. Aurus — россиялык люкс-класстагы автоунаалар бренди. Учурда лимузин, седан, минивэн жана жолтандабастарды чыгарып келет.
Жакында эле бизнес-жетти "Ансат" тик учактар толуктады. Соода-өнөр жай министрлигинен Aurus Business Jet боюнча VIP-топтомунун сертификатташтырууну 2022-жылы аягына чыгарарын айтышкан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0