Британиялык киши банктын кетирген катасынан улам итке минип калды

© AFP / MIGUEL MEDINA500 евро купюралары. Архив
500 евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
54 жаштагы Рассел Александердин банктагы эсебине белгисиз адамдан 2021-жылдын январь айынан баштап августка чейин ири суммадагы акча которулуп турган. Сегиз ай ичинде 110 миң фунт стерлинг (12 миллион сом) чогулган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Улуу Британиянын жашоочусу банктын катачылыгынын айынан үй-жайсыз жана акчасыз калды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Алматыда атууга шектүүнүн жубайы Анаида Демирчян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Алматыда 5 кишини аткан жарандын аялы: банк үйүбүздү арзыбаган акчага сатып жиберди
Александер акча кандай жана эмне себептен келип жатканына кызыгып банкка кайрылганда, кызматкерлер мурас болушу мүмкүн деп божомолдоп, колдоно берүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында Александер өз батирин сатып, эски, бирок чоң үй сатып алган.
"Кардар ал үйдү банктагы акчаны алып оңдоп-түзөп, чакан мейманкана ачууну пландап жаткан. Бирок бир күнү банк Александердин эсебине түшүп жаткан акчаны башка кардар жаңылыштык менен которуп жүргөнүн айтып, ээсине кайтарып берип койгон. Ошентин ал эски үйдө акчасы жок калды", — деп айтылат билдирүүдө.
Александер ачууланып банкка кайрылганда алар кечирим сурап, моралдык чыгымынын ордун толтуруу максатында 500 фунт стерлинг (56 миң сом) төлөп берерин айтышкан.
Ошентип ал банктын шалаакылыгынын айынан акчадан да, батирден да жок, оңдоп-түзөөгө муктаж эски үйдө  жашап кала берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0