Талибдер афганистандыктарга бир шарт менен көк бөрү ойноого уруксат берди

© AFP / WAKIL KOHSARКонная игра бузкаши в Афганистане
Конная игра бузкаши в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Афганистанда көк бөрү оюнуна талибдер 1996-2001-жылдары тыюу салган. Алар оюнга өлгөн малды колдонууну күнөө деп эсептешкен.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы афганистандыктарга көк бөрүнү ойногонго уруксат берди, бирок анда мууздалган мал колдонулбашы керек. Бул тууралуу Sputnik Афганистан Telegram-каналы билдирди.
Талибдер оюнга өлгөн малды колдонуу күнөө болот деп эсептешет. Көк бөрүнү афгандыктарга жасалма улак менен ойногонго уруксат берилген. Бийлик мелдеш учурунда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоону убадалаган.
Афганистанда көк бөрү оюнуна талибдер 1996-2001 жылдары тыюу салган.
Быйыл августта Чолпон-Атада өткөн көк бөрү оюнуна жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн командалар чакырылган. Оюнга Афганистандын көк бөрү боюнча "Кандагар" командасы да катышары айтылып, бирок келген эмес. Өз кезегинде Афганистан тарап Кыргызстандан тажрыйба алууга кызыкдар экенин билдирген
* — Кыргызстанда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0