Кадимки Донбасс. Кызымдан айрылдым, балам майып болуп калды, колум үзүлгөн

© Sputnik / Евгений Одиноков"Россотрудничествонун" Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдары - Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмө
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги Донбасстын балдары - Карабахтын балдарына аттуу көргөзмө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
"Россотрудничествонун" Москвадагы кеңсесинде 11-ноябрда "Донбасстын балдары – Карабахтын балдарына" аталыштагы адаттан тыш көргөзмө ачылды. Ага катышкан каргашанын күбөлөрү менен эл тынчтыкты кыялданып, согуш тууралуу сөз кылышты.
"Россотрудничестводо" ачылган "Балдар дүйнөнү тартат" көргөзмөсү Донбасстын жана Тоолуу Карабахтын балдарына колдоо көрсөтүүгө багытталган. Иш-чара дүйнө коомчулунунун көңүлүн согуш аймактарында балдардын коопсуздугун камсыздоо көйгөйүнө бурууну максат кылат.

Донбасста  балдар күн сайын өлүмгө учурап жатты

"Мен Донецк облусунун Горловка шаарынан болом, башымдан өткөргөн окуямды бөлүшүү үчүн келдим. Согушта төрт баламдын экөөсү — эки кызым каза болду. Улуу кызымды снаряд экиге бөлүп салды. 2,5 жаштагы уулум майып болуп калды. Көзүнөн, бетинен өтө оор жаракат алды. Денеси күйүп, снаряддын сыныктары тийген. А менин болсо колум үзүлдү", — деген үйүнө снаряд түшкөн күндү  эскерген Донбасстын жесирлер жана энелер уюмунун өкүлү Анна Тув.
© Sputnik / Евгений ОдиноковДонбасстын жесирлер жана энелер уюмунун өкүлү Анна Тув
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Донбасстын жесирлер жана энелер уюмунун өкүлү Анна Тув
Кичүү кызын ал атышуу жүрүп жаткан тушта төрөгөн. Ал түгүл төрөткө бир күн калганда гана каттоого туруптур. Анткени ал ниети бузуктар биринчи кезекте балдар поликлиникасын, ооруканаларды, бала бакчаларды, оюн аянтчаларын жардырышарын билген. Аннанын жакын курбусу үйдө калып, үч баласынан айрылган. Атышуу учурунда ал чүрпөлөрүн ваннага жашырган. Бирок дал ошол жерге снаряд түшкөн.
"Мындай тагдырга туш болгондор өтө көп. Биз жардам берели же аныктайлы деп балдарды мектепке канынын тобу, фамилиясы жазылган төш белгилери (бейжик) менен жөнөттүк. Баланы саат 8де мектепке алып барып, кайра эле 9да аны издеп чуркап барган далай күндөр болду. Анткени атышуу башталып кетет. Коркунучтан кичинекейлердин баарынын өңү купкуу. Бомбадан баш паанектеген эч кандай жай жок, коридорлорго, парталардын астына жашынышат. Бизде 300дөн ашык бала колу, бутунан айрылып, майып болуп калышты", — деген ал. Аял ошондой эле алардын психикалык жактан катуу жабыркаганын, баарына реабилитация зарыл экенин кошумчалады.
© Sputnik / Евгений ОдиноковАнна Тув: бизде 300дөн ашык бала колу, бутунан айрылышып, майып болуп калышты
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Анна Тув: бизде 300дөн ашык бала колу, бутунан айрылышып, майып болуп калышты
Жүрөгү жараланган эне биринчи Минск келишимдери түзүлгөндө эл согуш бүттү деп ишенип, үйлөрүнө кайтканын эскерет. Тувдун үй-бүлөсү да башкалар менен кошо үйүнө кайтып, жаңыдан уйларды жана чочколорду бага баштаган. Бирок андан кийин согуш кайра уланып, үй-жайы пайдубалына чейин талкаланган. Анна Тув кичи мекенинде болгон жана азыр да болуп жаткан окуялардын баарын чыныгы тукум курут (геноцид) деп атайт.

Көргөзмө балдар тууралуу эмес, чоңдордун жоопкерчилиги жөнүндө

Балдардын сүрөттөрүн биринчилерден болуп "Россотрудничествонун" жетекчиси Евгений Примаков менен Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова көрүштү. Көргөзмө фойеден башталып, жыйындар залына чейин созулган.
© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков менен Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмө учурунда
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков менен Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмө учурунда
Примаков балдардын чыгармаларын карап жатып: "Ар бир сүрөттүн астына көрүнө турган кылып аны ким тартканын жана бала кайдан экенин так жазып коюш керек. Анткени москвалык бала менен горловкалык баланын ойлору, элететүүсү ар башка болот", — деп белгиледи.
"Мен чоңдордун саясий кутумунун курмандыгына айланган балдардын эмгектеринин көргөзмөсүнүн ачылышын маанилүү жана коркунучтуу окуя деп эсептейм. Бул иш-чара жөн гана көркөм чыгармалар тууралуу эмес, жөн гана сүрөт тартуу боюнча эмес, өз баласынын келечегин коргоого чакырган чоңдордун жоопкерчилиги жөнүндө. Ошондой эле алар аткара албаган, кыянаттык менен пайдаланган милдеттери тууралуу көргөзмө", — деген Анна Кузнецова.
© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына аттуу көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына аттуу көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан
2/2
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
1/2
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
2/2
Россотрудничествонун Москвадагы кеңсесиндеги "Донбасстын балдарынан — Карабахтын балдарына" аттуу көргөзмөсү
Ал сүрөттөрдү карап, "балдар чоңдорго караганда акылдуураак экени көрүнгөнүн" баса белгиледи. Алар өз үйлөрүн же өз шаарларын эмес, планетанын сүрөтүн тартышты. Анткени балдар ааламда тынчтык болсо, өз үйүндө да бейпилчилик орноорун баамдап турушат. "Мен балдардын сүрөттөрдөгү бул кайрылуулары биздин өлкөгө да, бүткүл дүйнөгө да угулушун каалайт элем", — деди РФтин президентинин балдардын укуктары боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү .

Виктория — согуштун алгачкы курмандыгы болгон кыз

Тоолуу Карабахтагы 44 күнгө созулган согуштун биринчи курмандыгы Мартуни шаарынан келген сегиз жаштагы Виктория аттуу кыз болду. Муну таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Арсен Мелик-Шахназаров айтты.
2020-жылдын 27-сентябрында эртең менен анын ата-энеси Анаит менен Игорь Геворкяндар октун добушунан ойгонушуп, согуш башталган башаламандыкта кызынын чымчыкты көрүүнү каалаганын айткан сөзүнө маани беришкен эмес.
© Sputnik / Евгений ОдиноковТаанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Арсен Мелик-Шахназаров
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Арсен Мелик-Шахназаров
"Көрсө, ал "чымчык" беспилотник болуп чыккан. Кичинекей кыз дал ошол асманда учкан "канаттууну" көрөм деп короого чуркап чыгат, бул учурда жардыруу болот. Кичинекейдин артынан чуркап чыккан апасы менен иниси Арцвик снаряддын сыныктары тийип жаракат алышкан. Дүрбөлөң түшүп, ызы-чуу башталган. Кичинекей кыз канга боёлуп, араң дем алып жаткан. Ата-энеси кызын ажалдан алып калууга жан үрөп, тез арада жакынкы ооруканага жеткирүү үчүн автобуска отурушкан. Бирок Виканын дем алуусу токтоп калган...", — деп Арсен Мелик-Шахназаров бир армян үй-бүлөсүнүн трагедиясы тууралуу айтып берди.

Мүмкүн болушунча ар дайым балдарды сактоо керек

"Бул көргөзмөнүн мааниси жөн эле Донбасстын балдары Карабахтын балдары үчүн тарткан сүрөттөрүнүн "Россотрудничествонун" имаратында илинип турганында эмес. Кеп бул сүрөттөрдүн артына катылган, тилекке каршы, согушту көргөн жана көрүп жаткан балдардын тагдыры жөнүндө болуп жатат. Бул жыргалчылыкта жашаган балдардын сүрөттөрү эмес. Бул аянычтуу өмүр кечирген, абдан жан ооруткан көрүнүш", — деген Евгений Примаков.
© Sputnik / Евгений ОдиноковТаанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Арсен Мелик-Шахназаров
Советник министра иностранных дел непризнанной НКР Арсен Мелик-Шахназаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Арсен Мелик-Шахназаров
Ал көргөзмөгө коюлган эмгектердин авторлорун өз-өзгөнүн балдары деп бөлбөй "биз, өлкө, коом бул балдардын өлүп жатканын, азыркы Украина мамлекетинин жаш өмүрлөрдү майып кылып жатканын көрүп-билип туруп, четте карап тура албайбыз" деген.
"Ошондуктан бул акция бир эле иш-чара менен бүтүп калбаш керек. Биз, мамлекет, коомчулук, өкмөттүк эмес уюмдар биргелешкен аракетибиз менен согушту токтотуп, балдардын өлүмүн болтурбашыбыз керек", — деп сөзүн жыйынтыктады "Россотрудничество" башчысы.
© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков
Көргөзмөнүн ачылышынан кийин конференц-залда тегерек стол болуп, анда согуштун оту жанган аймактарда балдардын коопсуздугун камсыз кылуунун механизмдерин жана алгоритмдерин иштеп чыгуу, физиологиялык жактан коргоо, реабилитациялоо жана психологиялык адаптациялоо программасын ойлонуу зарылчылыгы тууралуу көп сөз болду.
© Sputnik / Евгений ОдиноковКөргөзмөнүн ачылышынан кийин конференц-залда тегерек стол өттү
Выставка Дети Донбасса — детям Карабаха в московском офисе Россотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Көргөзмөнүн ачылышынан кийин конференц-залда тегерек стол өттү
Ошондой эле жооп иретинде акция уюштуруп, Карабахтын балдарынын сүрөттөрүн донбасстыктарга арноо чечими кабыл алынды. Мындан сырткары, Ереванга же Степанакертке "Периштелер аллеясын" куруп, шейит кеткен ар бир жаш өмүрдүн элеси өчпөсүн деген ниетте планетанын бардык бурчунан көчөттөрдү чогултуп, аларга маркум бөбөктөрдүн ысымын берүү сунушу айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0