Афганистанда 20дан ашуун террордук топ бар экени айтылды

© AP PhotoАфганистандагы курал менен киши. Архив
Афганистандагы курал менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы террорчулардын Борбордук Азиянын аймагына жана андан ары Россияга кирип кетүү коркунучу бар экенин айткан.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Учурда Афганистанда 20дан ашуун террордук түзүм иш алып барат. Бул тууралуу россиялык журналисттерге Нью-Делиде Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Афган тараптан келген эң негизги коркунуч — террорчулук болуп калууда. Ар кандай анализдер, байкоолор боюнча Афганистанда ушул тапта 23 миңден көп согушкери бар 20дан ашуун террордук топ иш алып барат", — деген Патрушев.
Ошондой эле ал Афганистандан барган качкындардын санынын өсүшү аймактык туруктуулукка коркунуч жаратарын белгилеген.
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Талибдер Афганистанда доллар колдонууга тыюу салды
"Биз террордук жана экстремисттик элементтердин, качкындардын кейпин кийген же батышчылдар менен кызматташкан афганистандык баңгизат сатуучулардын Борбордук Азиядагы коңшу мамлекеттердин аймагына жана андан ары Россияга кирип кетүү коркунучун көрүп жатабыз", — деген ал.
Шейшембиде Нью-Делиде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин катышуусунда "Афганистандагы аймактык коопсуздук боюнча Дели диалогу" өткөн. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0