Россиянын изин издөө уланууда. Америкалык саясаттагы оюндарга сереп

© AFP / OLIVIER DOULIERYВашингтондогу Ак үйдүн алдында АКШнын желектери менен кишилер. Архив
Вашингтондогу Ак үйдүн алдында АКШнын желектери менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
2024-жылы президенттик шайлоодо кайрадан Владимир Путин жеңүүчү болот. Бирок Россияда эмес, Америка Кошмо Штаттарында. Бул үчүн америкалык мыйзамдарды өзгөртүүнүн да кажети жок, болгону Дональд Трампты президенттикке шайлап коюу жетиштүү.
Бул тамаша кеп эмес, президенттик шайлоо жакындаганда ички америкалык пропаганда ушундай жүргүзүлөрүн болжоого болот. Ушундай жоромолун ортого салган Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Трамптын шайлоодо жеңилишине америкалык медиа толугу менен беш жыл камылга көрсө, былтыр эле тактыга отурган Жо Байден рейтингин өзү түшүрүп алды. Азыр аны колдоо деңгээли 38 пайызга төмөндөдү. Президенттикке киришкенден бир жылдан кийин Трамптын бул көрсөткүчү мындан эки пайызга гана төмөн эле. Бирок АКШнын мурдагы лидерин бүт дүйнө биригип каралап, ар кандай ат коюшкан. Ал эми Байденди чар тараптан болушунча колдоп жатышса да майнап чыкпай келет. Аныкынан да өзүнүн вице-президенти Камала Харристин аброю кескин начарлап кетти. Кошмо штаттардын Демократиялык партиясы тарабынан дал ушул айымдын талапкерлиги кийинки шайлоого чыгарылары пландалган эмес беле?
Жакында Виржиниядагы губернатордук шайлоодо демократтардын утулушу начар божомолдорду тастыктап койгондой: алар конгресстин көзөмөлүн колдон чыгарары, 2024-жылы Трамп Ак үйдү кайра кайтарып алары болжонот. Трампты Путинге байланыштырып, ага каршы "орус тыңчысы" деген кампанияны кайра башташабы?
АКШнын президент Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
АКШ президенти Европада. Россияны кантип "күнөөсүн" мойнуна алдырып, төлөтүшөт?
Британиялык чалгын кызматынын агенти Кристофер Стил менен биргеликте даярдалган "Трамптын досьесинин" дагы бир автору Игорь Данченконун Америкада кармалышы да дал ушундай жагдайлардан кабар берет. Себеби Клинтондун штабы Трампка каршы "далилдерди" билип туруп жасалмалаганы, кийин миллиардерди жана анын штабын аңдууга атайын кызмат да аралашканы баарына маалым. Башкача айтканда Трампка каршы чындап кутум уюштурулган. Эгер иликтөө жүрсө, Демократиялык партиянын бүт жетекчилиги жана Обама — Байден администрациясы соккуга кабылышы ыктымал. Эгер
Трамп 2024-жылы кайра тактыга отура турган болсо, ошондой кутум болгонун далилдөө үчүн болушунча күч жумшаары турулуу иш.
Демократтардан бул жолкусунда күчтүү талапкер, жапырт элдин сүймөнчүгүнө айланчу саясатчы чыгары арсар. Ошондуктан 2024-жылы да шайлоо кампаниясы 2020-жылдагы үлгүдө, тагыраак Трампы жаман көрсөтүп, шайлоочуларды аны менен чочулатуу менен өткөнү калды көрүнөт. Орус темасы да орун алар. Бирок бул сапар демократтар Трамптын Россия менен байланышына басым жасабастан, бул киши утуп чыкса, бул иш жүзүндө Путиндин жеңиши болоруна элди ынандырууга тырышары ыктымал. Ошондой кампаниянын айрым белгилери эмитен байкала баштады. Акыркы күндөрү кезинде Трамптын кеңешчиси болгон Фиона Хиллдин бир нече маеги жарык көрдү. Аларга удаа эле анын "Бул жерде сенин ордуң жок" ("There Is Nothing for You Here") деген китеби басылып чыккан.
Англияда төрөлүп, Россия боюнча америкалык эксперттердин алдыңкы сабына чыга алган, 2017–2019-жылдары Улуттук коопсуздук кеңешинде Россия жана Европа иштери бөлүмүн жетектеген бул айым китебинде Ак үйдөгү иши гана эмес, келечек туурасында да кеп козгойт. Анын пикиринде, Виржиниядагы демократтардын утулушу "АКШ кайрадан Дональд Трампты кабыл алууга даяр деген коркунучтун белгиси, ал эми бул өз кезегинде америкалык демократиянын кыйрашына алып келет. 2016-жылы да ушундай ойлор байма-бай айтылган.
"Ал Путинге аябай суктанган, мен муну өз көзүм менен көргөм. Ал үчүн Путин өзүндөй лидер тибинде эле. Анын Россияга карата мамилесине эч кандай тиешеси жок. Ал Путинди абдан күчтүү жана өкүмчүл деп баалаган. Аны Трамп өлкөсүн өзүнүн жеке бизнесиндей тескеген абдан бай жана өтө белгилүү киши катары санаган", – деп эскерет.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?
Төрт жыл бою мамлекет жактырбаган президенттин ишмердигин бөгөттөп келди, анткени ал "вашингтондук сазды" кургатууну убадалаган. Хилл: "Трамп параллелдик мамлекетти топтоого умтулду, ошол үчүн аны жек көрүшөт", – тегин жерден деп жазбагандыр.
Бул жагынан чындап эле Путин менен салыштырууга болчудай. Эки миңинчи жылдары "офшордук аристократиянын" олигархтар альянсы, жемкорлукка баткан аткаминерлер жана батышка ыктаган "интеллектуалдык элита" өкүм сүрүп турган өлкөнүн башына келген Путиндин аракеттерине Трамптын кадамдары окшоп кетет. Анын алдында эски, бирок өзүн баарынан күчтүү сезген организм турган. Күтүүсүз шайланган президент "ажыдарды жеңе албады", бирок ошого тырышты. 2024-жылы келип калса, ошол аракеттерин улантары ажеп эмес.
Шайлоо кампаниясында Путинди да мисал келтиришеби? Ошондой болушу мүмкүн, бирок 2024-жылы державанын абалына түйшөлгөн америкалыктардын көпчүлүгү үчүн бул инсандын ысымы Трамптын пайдасына кошумча аргумент болушу ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0