Адис: эл көп кийим алгысы келбей калды, келечекте мода дүкөндөрү жабылат

© Sputnik / Анна Раткогло / Медиабанкка өтүүДүкөндө кийим тандап жаткан кыз. Архив
Дүкөндө кийим тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, мурда кыз-келиндер мода кууп, гардеробду толтурууга аракет кылса, азыр саналуу, бирок узакка кийилчү бышык кийимдерге качырып калышты.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кийим-кече сатып алууга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылуу 2035-жылга чейин Россияда эле кийим саткан дүкөндөрдүн 20 пайызынын жабылышына алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Beinopen мода индустриясын өнүктүрүү институтунун негиздөөчүсү Алексей Баженов айтып берди.
"Дүйнө, аны менен бир мода индустриясы дагы өзгөрүп жатат. Мурда журналдар кыз-келиндерге түркүн-түрлүү кийимдерди сунуштап, гардеробду толтурууга чакырса, азыр баары тескерисинче. Ашыкча кийим адамдын өзүнө гана эмес, курчап турган айлана-чөйрөгө дагы чоң зыян алып келери билинип калды. Андыктан азыр эл толгон-токой кийим алгандын ордуна узак убакыт кийиле турган, бышык көйнөктөрдү талап кыла баштады. Ошондой эле кийин ал экологияга зыяны тийбей, оңой жок кылынышы керек", — деди Баженов.
Коллекция Fendi во время Миланской недели моды, Италия  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Быйылкы мода: этникалык мотив, алтын түс. Италиядагы мода жумалыгынан ирмемдер
Мындан улам, адистин айтымында, жакынкы жылдары аты анча белгисиз, чакан кийим-кече ишканалары, дүкөндөр жабылып, ири бренддер гана калышы ыктымал.
"Алар дагы мурдагыдай каалаган нерсесин чыгара бербей, эл менен кеңешип иш кылып калат. Эл эмнени кийгиси келип жатканын сурап, ошого жараша кийим-кече тигишет жана көбүнчө интернет аркылуу гана сатышат", — деди адис.
Ошондой эле мода дүйнөсүнүн өкүлү мурдагыдай дүкөндөрдүн жана кийим-кеченин азайышы адамдардын жашоо сапатын начарлатпайт деген пикирин кошумчалады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0