АКШ: концертте тебелендиде калып, 8 адам көз жумду. Арасында өспүрүмдөр бар

© AP Photo / Amy HarrisАмериканский репер Трэвис Скотт
Американский репер Трэвис Скотт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жума күнү кечки саат 21:00 чамасында топтошкон көрүүчүлөр сахнага жакындай баштаган. Адамдар бири-бирин жөөлөп, жыйынтыгында эл дүрбөлөңгө түшкөн, айрымдары эс-учун жоготуп койгон.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШда Трэвис Скотт аттуу рэпердин концертинде көрүүчүлөр жөөлөшүп, түртүшүп, анын кесепетинен сегиз киши каза болуп, 13 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу РИА Новости Хьюстон шаарынын мэри Сильвестр Тернердин айтымына таянып кабарлады.
Техаста рэпер Трэвис Скотт уюштурган Astroworld Festival музыкалык фестивалы өтүп, ага 50 миңдей адам келген. Ырчы кырсык боюнча тергөө иштеринде Хьюстондун милициясы менен кызматташып жатканын айткан.
Хьюстон шаарынын мэри жөөлөшүп, түртүшүүдөн тебелендиде калып көз жумгандар болгонун айтып, арасында өспүрүмдөр бар экенин билдирген.
"Көз жумгандардын арасынан бирөө 14, экинчиси 16 жашта болуп чыкты. Экөө 21, дагы экөө 23 жашта экени аныкталды. Эң улуусу 27 жашта. Бир адамдын ким экени тактала элек. 25 көрүүчү ооруканага жеткирилген, 13 адам бул күндөрү ооруканада", — деген мэр.
Татарстандын Мензелинск шаарында кулаган L-410 учагы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Татарстанда учак кырсыгы 16 кишинин өмүрүн алды
Тернер концерт учурунда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун 1 200 полиция кызматкери камсыз кылганын белгилеген.
Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жума күнү кечки саат 21:00 чамасында топтошкон көрүүчүлөр сахнага жакындай баштаган. Адамдар бири-бирин жөөлөп, жыйынтыгында эл дүрбөлөңгө түшкөн, айрымдары эс-учун жоготуп койгон. 300дөн ашык адамга медициналык жардам ошол жерде көрсөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0