Миңдеген жыл мурдагы мумиялардын сыры акырындап ачылып... Сүрөт

© AP Photo / Jae C. HongТарим мумиялары "Сяохэ сулуусу"
Тарим мумиялары Сяохэ сулуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Окумуштуулар "Сяохэ кишилерди" тыкыр дагы иликтеп отуруп, анализ "түндүк евразиялыктар" деп аталган генетикалык топко жакын экенин көрсөткөнү маалым болду.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Синьцзян-Уйгур автоном облусундагы Тарим өрөөнүндө табылган жүздөгөн мумия археологдордун таңгалуусун жана суроолорун жаратып келген. 4000ден 1 800 жылга чейинки мезгилди камтыган бул сөөктөр кайсы элге таандык экенин такташ үчүн далай окумуштуу баш катырган."National Geographic Россия" сайты биздин заманга чейинки 2000-жылдан тарта биздин замандын 200-жылында болушу мүмкүн деген бул табылгалар өзгөчө экендигин жазды.
© AP Photo / Jae C. HongСиньцзян-Уйгур автоном облусундагы Тарим өрөөнүндө табылган мумиялар археологдордун таңгалуусун жана суроолорун жаратып келген.
Таримские мумии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Синьцзян-Уйгур автоном облусундагы Тарим өрөөнүндө табылган мумиялар археологдордун таңгалуусун жана суроолорун жаратып келген.
Кумдуу жердеги сөөктөрдү карай келгенде изилдөөчүлөр кымбат деп эсептелген кийимдерди жана кайык-табытты байкашкан. Архелогдор, дагы бир нерсени, ал жерде кандайдыр бир деңизди кезиктирүү мүмкүн эместигин айтып келишет.
Орто кылымда аталган аймактан Улуу Жибек Жолу өткөн.
© AP Photo / Jae C. Hong4000ден 1 800 жылга чейинки мезгилди камтыган бул сөөктөр кайсы элге таандык экенин такташ үчүн далай окумуштуу баш катырган.
Таримские мумии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
4000ден 1 800 жылга чейинки мезгилди камтыган бул сөөктөр кайсы элге таандык экенин такташ үчүн далай окумуштуу баш катырган.
Кишилердин мумияланган сөөктөрү бул жерден 1990-жылдардын башында табылган. Алардын бири – кара чачтуу, кырдач, узун мурундуу аял формасы башкача табытка көмүлгөн. Өлүккө кездеме жана кийизден жасалган кийимдерди кийгизип, акыркы жайга узатышкан. Сүрөттөрдү карай келгенде башында формасы улуттук кийимге – топуга окшош экенин, кыргагына куштун жүнү кыстарылганын көрүүгө болот. Бетинин чүкөсү чыгып, жаак сөөгү да узунураак экени байкалат. Катырылган бул аял кишинин өңдүү-түстүү болгонун боолголош кыйын эмес.
© AP Photo / Jae C. HongКара чачтуу, кырдач мурундуу аял формасы башкача табытка көмүлгөн.
Таримские мумии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кара чачтуу, кырдач мурундуу аял формасы башкача табытка көмүлгөн.
Анткен менен окумуштуулар буга чейин аталган эстеликтердин 13үн, андан аркы мезгилдеги сөөктөр — жунгардык беш сөөктү изилдеп чыккан. Буга чейин илимпоздор жергиликтүү элге окшоштук таба алган эмес, бирок Иран платосуна таандык болушу мүмкүн деп да айтып келишкен.
Анткен менен таң калычтуусу, окумуштуулар "Сяохэ кишилерди" тыкыр дагы иликтеп отуруп, анализ "түндүк евразиялыктар" деп аталган генетикалык топко жакын экенин көрсөткөнү маалым болду. Алар качандыр бир кезде кеңири тараган, кийин акыркы муз доорунда жок болуп кеткен аңчы-чогултуучулар деп аталган түрдүн өкүлдөрү экенин айтышты.
© AP Photo / Matt Rourke Окумуштуулар ошентип "Сяохэ сулуусунун" тегин жоромолдоп чыгышты. Анализ "түндүк евразиялыктар" деп аталган генетикалык топко жакын экенин көрсөткөнү маалым болду.
Таримские мумии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Окумуштуулар ошентип "Сяохэ сулуусунун" тегин жоромолдоп чыгышты. Анализ "түндүк евразиялыктар" деп аталган генетикалык топко жакын экенин көрсөткөнү маалым болду.
Окумуштуулар ошентип "Сяохэ сулуусунун" тегин жоромолдоп чыгышты деп жазды Вести.ру.
"Археогенетиктер көптөн бери эле Ички Евразиянын генетикалык тарыхын билүү үчүн байыркы түндүк евразия популяциясын изилдеп келген. Биз аны таптакыр күтпөгөн жерден таап отурабыз", — деген изилдөөнүн авторлорунун бири Чунвон Чжон.
Тирүү кездегидей салтанат. Египет фараондорунун сөөгүн башка жакка ташыган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Тирүү кездегидей салтанат. Египет фараондорунун сөөгүн башка жакка ташыган видео
Окумуштуулар мумиялар табылган Тарима өрөөнүндө адамдар мындан 40 миң жыл мурда жашап өткөн деп эсептешет.
Айтмакчы, "Сяохэ сулуусу", дагы бир катар кишилердин сөөгү табылган мүрзөлөрдөн ири малдын, кой-эчкилердин сөөктөрүн, андан сырткары буудай, арпа, таруу, ал тургай сыр чыккан.
Изилдөөчүлөрдүн дагы бири Кристина Уоринер Тарим бассейнинде жашагандар таңгаларлыктай космополит болушканын айткан.
"Алар Батыш Азиядан алып, буудай жана сүт азыктарынын негизинде өздөрүнүн жей турган негизги тамактарын иштеп чыгышкан өңдүү. Тарууну Чыгыш Азиядан, ал эми эфедра сындуу дары чөптөрдү Борбор Азиядан ташып турушкан", — деди Уоринер.
Ал Тарим мумияларынын ачылышы коло доорунда элдин бири-бири менен өз алакасын, мамилесин баяндап бергенин, алдыда дагы көп кызыктуу ачылыштар күтүп турганына ишенгенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0