Европанын бүт көйгөйүнө Россия күнөөкөрбү?

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кызыл аянт. Архив
Москвадагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Россия дүйнөгө жана улам баш баккан жаңы доордун чакырыктарына ачык бойдон калуу менен баалуулуктарын аздектеп калууга эрки жетти.
Москвадан барган жүктөрдөн (SVO – Шереметьево деп белгиленген) шектенүүдөн тарта "Европа биримдигинде "Спутник V" вакцинасын каттоого орустар тийиштүү документтерди дагы жиберген жок" деген дооматтарга, көгүлтүр от менен шантаж кылууда деген айыптоолордон ЕБ өлкөлөрүндө RT журналисттерине кысым көрсөтүүгө чейинки аракеттерге карап Европаны русофобия бийлеп алгандай деген ой туулат. Ушундай ойдун учугун улаган Елена Караеванын учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Геологиялык себептерден улам дээрлик бардык табигый ресурстардан ажырагандыктан Европанын жыргалчылыгы колониализмге негизделип калган. Кымындай эле саясий чайпалуу болсо, бул бардар континент бир апта ичинде чөгөлөтүп коюуга болот. 70-жылдардын башындагы мунай эмбаргосун эле эстеп көрөлү.
Шамал электр станциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жашыл экономика. Каатчылык менен кем акыл саясатчылардын символу
Миң жылдыктын соңунда жаратылыш ресурстары үчүн күрөш башталарын болжоп, россиялык кыраакы саясатчылар муну да түшүнүшкөн. Башкалар сырьедон түшкөн каражатты өздөрү көрө элек нерселерге жумшайт деп жоромолдошкон, бирок Россия өз армиясын түптөөгө, жол курууга, шаарларын иретке келтирүүгө, коопсуздук доктринасын иштеп чыгууга сарптаган.
Бүгүн Россияны өзүн-өзү сактап, улут катары коргоп кала алганы, туруксуздук өкүм сүрүп калган бул дүйнөдө башта адашып, жаңылса да өз жолун таап, оор жаңжал жана каатчылыктардан чыгууга көмөктөшө турган арбитрге айлана алганы үчүн жек көрүшөт.
Россия дүйнөгө жана улам баш баккан жаңы доордун чакырыктарына ачык бойдон калуу менен баалуулуктарын аздектеп калууга эрки жетти. "Чөлкөмдөгү бензин колонкасы" деп теңине албай турганда да Россия күлүмсүрөп коюп, күжүрмөндүк менен мээнеттене берди. Акыры ар кимдин өз иши бар: Россия өлкөсүн курат, ал эми Батыштагылардын аны кыртышы сүйбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0