10 элчинин чыры. Эрдоган дипломаттар боюнча кризис чечилгенин билдирди

© AFP / MURAT KULAТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Эрдоган элчилерге Түркиянын суверенитетин бутага алган деген кине такты. Ал кимде-ким өлкөнүн көз карандысыздыгын урматтабаса Түркиядан кете берсе болорун айткан.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 10 элчини персона нон-грата деп жарыялаган кырдаал элчиликтердин Түркиянын ишине кийлигишпестиги боюнча билдирүүсүнөн соң чечилди деп айткан. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Дүйшөмбү күнү АКШнын жана башка бир катар мамлекеттердин элчиликтери Вена конвенциясына ылайык, өлкөнүн ички иштерине кийлигишпей турганын айтып, билдирүү менен чыккан.
"Бир катар мамлекеттердин элчилери биздин өлкөнүн суверенитетин бутага алышкан. Мындай билдирүү биздин сотторду, жактоочуларды мазактоо. Түркия соту көз каранды эмес жана эч кимдин буйругун аткарбайт. Андыктан мындай мазактоого жооп кылуу биздин милдетибиз. Кандайдыр бир кризис жараталы деген жокпуз, өлкөбүздүн намысын, кызыкчылыгын, укугун коргодук. Элчилердин бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин кырдаал башка жакка өзгөрдү", — деген Эрдоган.
Анын айтымына караганда, ал элчилердин "мындан ары Түркия боюнча билдирүүлөрүндө сак жана дыкат болоруна ишеним артат".
"Кимде-ким биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын урматтабаса, титулдарына, артыкчылыктарына карабай, өлкөдөн чыгып кетсе болот", — деген Түркия президенти.
Эске салсак, буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШ мамлекеттеринин элчиликтери түрк бийлигин укук коргоочу Осман Каваланы бошотууга чакырган.
Мальчик не дождался Эрдогана и первым перерезал ленту — видео реакции президента - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Эрдоганды күтпөй тасманы кесип жиберген балага президенттин реакциясы. Видео
Түркиянын ТИМи бул өлкөлөрдүн элчилеринин чакырыгын тастыктап, дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын сактоо зарылдыгын эскерткен.
Осман Кавала — Anadolu Kültür AŞ маданий фондунун негиздөөчүсү, түрк жана армян калкынын ортосундагы элдештирүү жана күрд маселесин тынчтык жолу менен чечүү сыяктуу эл аралык маанидеги этникалык жана диний азчылыктардын долбоорлорун колдойт.
2013-жылы Стамбулдун Гези паркындагы нааразылык акцияларында өкмөттү кулатуу аракетине катышкан деп айыпталган Каваланы 2020-жылдын февралында Түркиянын соту актаган. Ошол эле күнү Стамбулдун прокуратурасы аны камакка алуу боюнча жаңы ордер чыгарган. Кавалага бул жолу 2016-жылы июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деген айып тагылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0