COVID-19дун оор түрүнө кабылгандардын мээси жабыркайт. Иликтөө

© AFP / FRED TANNEAUМээнин сүрөтү. Архив
Мээнин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Мээнин кичинекей бөлүкчөлөрүнө кычкылтек менен глюкоза жетпей калат, анткени ал жерлерге кан толуп кетет.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. COVID-19 илдетинин оор түрү менен ооруган бейтаптардын мээ клеткалары жабыркап, өлүмгө кептеши мүмкүн. Бул тууралуу европалык окумуштуулар тобуна таянып "Хайтек" жазды.
Аял дүкөндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Суукта дем алуу органдарын коргой турчу азыктардын чен өлчөмү айтылды
Окумуштуулар мындай жабыркоонун аныкталган учуру сейрек кездешкендигин жана вирустун мээге тийгизген таасиринен улам адам өлүмү катталган факт тастыктала электигин белгилешти.
"Биз COVID-19дун жеңил формасына кабылган хомяктарды калыбына келтирүүгө болорун көрдүк. Демек, адамдарды да калыбына келтирүүгө болот деп ойлоп жатабыз", — деген окумуштуулар.
Коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруган бейтаптарда мээге таасир этүүчү эч кандай кесепеттер табылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0