Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКабул шаары. Архив
Кабул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Өлкөнүн Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыкканын маалымдаган.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаары жана башка бир катар провинциялар жарыксыз калды. Бул тууралуу Афганистандын Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын түндүк-батышындагы электростанцияда жарылуу болгон. Анын кесепетинен электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0