Талибдер Афганистандын Жогорку сотун түзгөнүн жар салды

© AP Photo / Wali SabawoonКабулда Талибан согушкерлери. Архив
Кабулда Талибан согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Жогору соттун төрагасынын милдетин аткарууга Абдул Хаким Хаккани дайындалганы, анын биринчи жана экинчи орун басарлары бекитилгени да айтылды.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын Жогорку сотун түзгөндүгүн жарыя кылганын талибдердин өкүлү Ахмадулла Муттаки Twitter тармагындагы баракчасына жазды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Жогору соттун төрагасынын милдетин аткарууга Абдул Хаким Хаккани дайындалганы, анын биринчи жана экинчи орун басарлары бекитилгени да айтылды.
Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.
Афган журналисти Талибан менен болгон пресс -конференцияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Аялдардын укугун коргогула! БУУнун башкы катчысы талибдерге кайрылды
Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруусу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген. Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0