12:19 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
124 0 0

Россия лидери КМШнын күч түзүмдөрүнүн ар дайым маалымат алмашып, биргелешкен операцияларды өткөрүүсү маанилүү экендигин айткан.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдары менен чалгын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмесинде мамлекетти ишенимдүү коргоо үчүн алардын мүмкүнчүлүгүн колдонуу маанилүү экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Путин кеңешменин катышуучулары талкуулай турган маселелердин тизмеси кеңири болорун, алар КМШ өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого байланыштуу экендигин белгилеген.

Мындан сырткары, тараптар тажрыйба жана жаңычылдыктар менен бөлүшүп, дүйнөдөгү, Евразия чөлкөмүндөгү азыркы абалды талкуулап, алдыдагы кырдаалга божомолун жасашат.

"Силер жетектеген кызматтар менен ведомстволордо ыкчам, аналитикалык, техникалык, кадрдык олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүн өлкөбүздү, шериктеш мамлекеттерди тышкы жана ички кооптуулуктан ишенимдүү коргош үчүн бул эбегейсиз кубаттуу мүмкүнчүлүктү болушунча колдонуу керек. Биринчи кезекте эл аралык террорчулук, экстремизм, улут аралык кылмыш топтору, куралды мыйзамсыз сатуу, киберкылмыштуулук, баңгизат бизнеси, контрабанда жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү зарылдыгы турат. Бул милдеттерди ишке ашырууда бардык багыттар боюнча координацияланган, системага салынган иш болушу керек. Ар дайым маалымат алмашып туруу жана биргелешкен операцияларды өткөрүү маанилүү", — деп белгилеген президент.

Россия лидери кеңешмедеги кабыл алынган чечимдер тынчтык жана туруктуулук үчүн кызмат кылып, мындан сырткары, КМШ мамлекеттеринин андан аркы өнүгүшүндө өзүнүн оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдирген.

Тема боюнча

Путин ШКУнун террорчулукка каршы түзүмүн күчтөндүрүүнү сунуштады
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, террорчулук, экстремизм

ЭҢ МААНИЛҮҮ