13:22 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
47 0 0

Тарусин сенаторлор ар кыл чакырыктарды жасап, бирок жыйынтыгында алар АКШнын мамлекеттик тышкы саясатынын жыйынтыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик албастыгын белгилеген.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов америкалык мыйзамчылардын Россия менен аталган мамлекеттин мамилесин уратууга кылган аракеттери туурасында билдирди. Sputnik радиосунун обосунда саясат таануучу Павел Тарусин өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

Дипломат Антонов америкалык сенаторлордун россиялык дагы 35 жаранга санкция салуу боюнча жаңы сунушуна комментарий берген.

Элчинин айтымына караганда, Кошмо Штаттардын Россия-Америка алакасын бузууга болгон-бүткөн аракетин жасап жатканы суроо жаратканын, таңгалдырганын айтып берген.

"Россиянын дагы 35 жаранына ойдон чыгарылган шылтоо менен чектөө киргизүү мунун көзгө дароо урунган далили", – деп айткан Антонов Facebook тармагы менен берген комментарийинде.

Дипломаттын пикиринде, мындай кадамдары менен Капитолияда "Американын душмандары менен күрөшүү" деген иллюзияны түзүүнү көздөп алышкан. Өлкөсүндөгү башка, чечүүнү талап кылган маселелери менен алпурушуунун ордуна ушундай нерселерди өздөрү ойлоп таап алышууда.

Sputnik радиосунун обосунда саясат таануучу, Москва мамлекеттик университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинин окутуучусу Павел Тарусин америкалык сенаторлордун жогоркудай кадамын жоопкерчиликтин жоктугу деп атады.

"Туура эмес чакырыктар. Муну таптакыр эле жоопкерчилиги жок адамдар жасап жатат. Алар мамлекеттин тышкы саясатынын жыйынтыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик албайт жана оозуна келгенди айта беришет", – деген ал.

Аны менен катар эле саясат таануучу АКШнын тышкы саясатын конгресс эмес, президент аныктай тургандыгын айтты.

"Ал эми америкалык конгрессмендердин, сенаторлордун мындай билдирүүлөрү кайсы бир фонду, АКШ президенти Жозеф Байдендин америкалык-россиялык мамилелердеги кадам жасоо мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Бул сунуштар шарттуу мүнөздөгү нерселер. Биз бирок Вашингтондун акылга сыярлык кадамдары баары бир тараза ташын басып турарын көрүп жатабыз. Нуланд келди (АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы – ред.), сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ооба, оор болууда. Бирок сүйлөшүү уланат. Бул Россиянын, аны менен катар АКШнын да кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткандыктан кандайдыр бир кепке келүү болот", – деп белгилеген Павел Тарусин.

Саясат таануучу болбосо бири-бирин түшүнбөй, дүйнөлүк маселелерди жалгыздап чечүү өтө оор экенин белгилеген.

Тема боюнча

Адис АКШнын Россияга каршы санкциялары өзүнө кандай түйшүк жаратарын айтты
Белгилер:
Россия, АКШ, санкциялар, сенат

ЭҢ МААНИЛҮҮ