Балбы же балакпы? Нуланд Россияга эмне артынып келе жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Нуланд негизги сүйлөшүүлөрүн тышкы иштер министринин орун басары Рябков менен жүргүзөт, ошондой эле Путиндин жардамчысы Ушаков жана президенттик администрациянын башчысынын орун басары Козак менен жолукмакчы.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланддын Москвага болчу сапары азыр көңүл чордонунда. Мынча кеп-сөз болууга анын дипломатиялык деңгээли деле арзыбайт. Бир нече күн мурун Женевада стратегиялык туруктуулук боюнча орус-америкалык консультациялар өтүп, АКШ делегациясын мамлекеттик катчысынын орун басары Уэнди Шерман жетектеп келген. Анда эки өлкөнүн адистеринен башка бул жолугушуу эч кимди деле кызыктырган эмес. Окуянын өнүгүшүнө Петр Акопов көз салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Виктория Нуланд Россияда Украинаны тескеген америкалык көзөмөлдүн башкы символу катары жакшы таанымал, Майданга барып печенье таратканы унутула элек. Анда Нуланд мамкатчынын жардамчысы болчу, Янукович кулатылгандан кийин Россия менен Американын Украина боюнча бир катар сүйлөшүүлөрүнө катышып, Москвага да бир нече жолу келип кеткен. Трамп бийликке келгенден кийин кызматынан алынган Нуландды Байден кайтарып, даражасын жогорулатты, азыр ал мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары.
Украинанын куралчан аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Украинага америкалык курал жеткирилди: мындан ары эмне болот?
Нуланд Путин менен Байдендин июнь айында өткөн саммитинде АКШ делегациясынын курамында болчу, бирок ага чейин эле америка администрациясынын Россия боюнча ишине жооп берери айкын болуп калган. Анткени Байдендин командасында Россияны баарынан жакшы билгени дал ушул Нуланд эле. Дипломат жалпы жонунан Россияда Андорповдун доорунан тарта 90-жылдардын башына чейин элчиликте иштеп үч жыл жашады.
Байдендин администрациясында Нуланддан тышкары орус тилин билген жана Россияда жашаган жагынан Уильям Бернс гана мактана алат, бирок ал азыр ЦРУнун директору, башкача айтканда, сүйлөшүүлөр үчүн көп туура келе бербейт. Ал эми орустар менен ымалалашуу Нуланддын кесиптик милдетине айланган.
Бирок 2019-жылдан тарта Викторияга Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Бул Москванын санкциялык тизмеге карата жообу эле. Вашингтон санкциялык аракети менен көптөн бери эле Москвадагы ишин татаалдаштырып келет. Мисалы, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Петрашевду кара тизмеге киргизип коюшту эле, эми аны менен же Москвада, же Европада гана жолугуп сүйлөшүп келишет.
Нуланддын сапары бир нече айлык сүйлөшүүнүн жыйынтыгы. Россия Американын сурамына көпкө ойлонуп жооп берди да россиялык бир чиновниктин санкциялык тизмеден чыгарттырууга жетишти. Нуланд боюнча "эмне кереги бар эле, киргизбей эле койсок болмок" деген да сөздөр болду. Бирок азыр АКШнын сунушу менен эки тарап оголе көп маселени талкуулаганы турат, андыктан сүйлөшүүлөрдү орток бир жерге көчүрүү биринчи кезекте Россия үчүн ыңгайсыз болор эле.
Москвага конору менен Нуланд максаты эки өлкөнүн туруктуу мамилеси экенин айтып, Байдендин сөзүн кайталады. Эки президенттин Женевада өткөн саммитинен бери төрт ай өтсө да эки тарапты катаал конфронтация абалынан чыгаруу багытында эч кандай жылыш байкала элек. Таптакыр жок эмес, албетте, тараптар азыр кепке келе баштады. Рябков менен Шерман эки ирет жолукту, эми Нуланд келди дегендей. Бирок үч күндүк бул сапардын жыйынтыгы кандай болот? Маселе ушунда.
Россиянын президенти Владимир Путин Беларусьтун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Россия — Беларусь. Союздук мамлекеттин түптөлүшү, максаты, келечеги
Тараптар "элчиликтердин согушун" басаңдатышы мүмкүн, башкача айтканда, эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын иши жеңилдеши ыктымал. Албетте, бул маселе боюнча эки тарап Нуланд келген маалда макулдаша калат деген кепилдик жок. Бирок азыр эки өлкө тең элчилик менен консулдуктардын жумушун ушунча татаалдаштырып жибергендиктен, болор-болбос жеңилдик да опол тоодой кабыл алынганы турат.
Нуланд негизги сүйлөшүүлөрүн тышкы иштер министринин орун басары Рябков менен жүргүзөт, ошондой эле Путиндин жардамчысы Ушаков жана президенттик администрациянын башчысынын орун басары Козак менен жолукмакчы. Ушаковдон Нуланд Байдендин Путинге дубай саламын айттырат. Башкача айтканда, АКШ администрациясынын ар кыл маселе боюнча Кремлге айтчу сөзүн жеткирет. Мында эки тараптуу мамилелерден тышкары регионалдык маселелер да козголот.
Бирок сүйлөшүүнүн талуу учуру болгон Украинаны Нуланд Дмитрий Козак менен талкууламакчы. Маселе эки тарап үчүн эле эмес, америкалык колдоочуларга, керек болсо Нуланд сыяктуу "өздөргө" да ишенбей калган Киев үчүн да өтө олуттуу.
Анын үстүнө Нуланддын сапары алдында россиялык ЖМКларга Дмитрий Медведевдин Украина жетекчилиги тууралуу жазган макаласы жарык көрдү. Анда Путиндин Коопсуздук кеңеши боюнча орун басары сөзүнө турбаган, өз алдынчалуу боло албаган украиналык лидерлер менен, ичинде Зеленский да бар, сүйлөшүүдөн эч майнап чыкпай турганын ачык айтты.
"Вассалдар менен иштөө биз үчүн майнапсыз. Сюзерен менен гана сүйлөшүү керек".
Бул Россия АКШ менен Украина тууралуу сүйлөшөт деген эле сөз. Акыркы жылдары Москва Киев бийлиги керек болсо эки тараптуу алакада да көңүл бура турган нерсе эмес экенин айтып келген.
Деятельность службы безопасности Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Украина душмандарынын түбүнө жетүүнүн жолун тапты
Чынында эле Россия Украина үчүн күрөштү Киевдин эмес, америкалык, англосакстык элита менен жүргүзүп келет. Мындан улам Вашингтон кайсы бир шарт менен Украинаны атлантизациялоо аракетинен чарчап андан баш тартып коё алабы деген суроо жаралат. Албетте жок. Бул жерде кандайдыр бир "алмашуу" тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес, анын үстүнө АКШ Украина Россиянын улуттук кызыкчылыгындагы эле өлкө болбостон анын бир бөлүгү деген жөнөкөй фактыны тааный албай жатат.
Буга Кошмо Штаттар эч убакта барбайт. Украинаны колунан келишинче убакытты созуп Россияны алсыратуу үчүн пайдалана бермекчи. Демек, "биз силерге Украинаны бердик, силер Россия-Кытай альянсын тизгиндегиле" сыяктуу варианттар жарабайт. Россия үчүн таптакыр кабыл алгыс көрүнүш, анткени өлкө өзүнүн менчигин кандай болгон күндө да кайтарып алат, АКШ үчүн болсо дегеле кол жетпеген нерсе.
Башкача айтканда, Вашингтон Россия-Кытай альянсынын кыйрашы үчүн Украинаны садага чабууга деле бармак, бирок Россия мындай сунушту кабыл албай турганын жакшы түшүнөт. Кабыл алган күндө да америкалыктар Москва бардык алган милдеттемелерин аткарарына ишенмек эмес.
Анткени мындай "алмашууга" макул болуп Россия өзүнүн бир колун кесип салгандай эле болмок. Башка бир өлкөнүн өтүнүчү менен стратегиялык түзүлүшүн жана кызыкчылыгын глобалдуу масштабда өзгөртүп жиберген держава глобалдуу саясатта ордун жоготот, дүйнөлүк жаңы тартиптин архитекторлорунун бири деген макамга ээ боло албайт. Украина Россия үчүн принципиалдуу мааниге ээ, бирок аны саткынчылык менен кайтаруу оопасыз жана зыяндуу. Украинаны өз алдынча, элине таянып гана кайтаруу керек.
Азырынча мунун убакыт-сааты келе элек, бүгүнкү күндө Украинага атлантикалык колдоочуларынын таасирин азайтуу үчүн колдон келген нерсенин баарын жасаш керек. Дал ушул максатта Москва Киев бийлигинин "сюзерени" менен сүйлөшүүгө муктаж.
Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
30 жылдан кийинки Украина: тандоодон тайыганда...
Нуланд Украинаны Россияга басым жасоого дагы деле пайдаланууга болорун, бул багытта Москва менен балак жана балдын ыкмасын (алгач көпчүлүктүн алдында Украинаны НАТО кабыл алууну талкуулап, анан көшөгө артында Москвага "бир коркпогула, эч убакта НАТОго кошпойбуз" деген убада) колдонууга болот деген ишенимин бекемдөөгө далалаттанат. Нуланд Москваны Украина менен кайсы чекке чейин опузалоого болорун, жетекчиликтин маанайын сезип-билүүгө тырышмакчы.
Бирок орустардын планын билем деп жатып Нуланд бир нерсени унутат. Россия Украинаны өз деп билет, мамилеси да ошондой. Мындан улам өзүнө таандык нерсени бирөөгө кармата бербейт, өзү менен согушпайт. Бирок ким кантип жолтоо болгонуна карабай өзүнүкүн кайтарып алат.
Эгер АКШ Украина темасы Россия менен болгон мамилесинде күчтүү позицияны ээлеп турууга дагы көпкө чейин жардам берет деп эсептесе терең жаңылышат. Афганистандан да катуу тоскоолдукка учурайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0