COVID каары: 100 млн. адам жакырланып, 4 млрд. киши жардамсыз калды

© AP Photo / Rodrigo AbdЖумушчу Гаитидеги базарда жүктөлгөн арабаны түртүп жатат
Жумушчу Гаитидеги базарда жүктөлгөн арабаны түртүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Гутерриш дүйнөлүк экономиканы туруктуу кылып калыбына келтириш үчүн батыл жасалган жамааттык секирик керектигин айтты.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы 100 миллиондон ашуун адамды жакырлыктын сазына батырып, 4 миллиардга чукул кишини социалдык колдоодон ажыраткандыгын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Бул туурасындагы РИА Новости жазды.
Ал Эл аралык валюта фондунун мамлекеттерди пандемиядан кийин кайра калыбына келтирүүгө арналган иш-чарасында сүйлөгөн.
"4 миллиарддан ашык адамдын дээрлик социалдык колдоосу жок... Саламаттык сактоо тармагын, кирешелерди колдоо жок. Вакциналардын баарына бирдей бөлүштүрүлбөгөндүгү дүйнөнү миллиондогон жаңы өлүмдөргө кептеп, триллион долларларды чапчыган экономикалык төмөндөө уланып, жакыр өлкөлөр үчүн катуу сокку урулууда", — деген Гутерриш.
Башкы катчы "пандемияга чекит коюп, дүйнөлүк экономиканы жалпылап калыбына келтирип жана туруктуулук менен камсыздаш үчүн адамзатка жамааттык, батыл, чечкиндүү секирик" керектигин белгиледи.
Анын айтымында, болжолдоолор аалам дүйнөлүк экономиканы чындап эле калыбына келтирүүнүн ортосунда тургандыгын — "ИДПнын бештен алты пайызга чейин өскөнүн" көрсөтүп жатат.
Афган журналисти Талибан менен болгон пресс -конференцияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Аялдардын укугун коргогула! БУУнун башкы катчысы талибдерге кайрылды
"Бирок сандардын артында көп нерсе бар. Өнүгүп келе жаткан көп өлкөлөр менен аймактар бир топ эле артта калды. Экономикасы күчтүү мамлекеттер өзүнүн ИДПсынын 28 пайызын экономиканы калыбына келтирүүгө жумшап жатат. Анча өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн бул көрсөткүч 1,8 пайызды түзөт", — деген башкы катчы.
Ал инвестициялардын көлөмүн көбөйтүп, акчаны кризистин кесепетин жоюуга жана калыбына келтирүү иштерине көп мезгилге чейин жумшап турууга чакырык жасады.
"Бирок көп мамлекеттер карыздарынан кутулуу менен эле алектенип, аталган маселе алардын баш оорусу болуп калды. Көбүрөөк муктаж болгон өлкөлөргө накталай берүүнү көбөйтүү боюнча чакырыгымды кайталайт элем. Пайдаланылбай келген карыз берүү укуктарын биринчи иретте адилеттүүлүк менен бөлүштүрүп, аны муктаж болгон аялуу мамлекеттерге бериш керек. G20 демилге кылган карыздарды төлөөнү токтото туруу келерки жылга чейин узартылып жана ал кирешеси орточо деңгээлдегилер арасында жайылышы зарыл", — деген Гутерриш.
БУУнун башкы катчысы каатчылык жана туруксуздук катуу каптаган өлкөлөрдүн өкмөттөрүн социалдык жана экономикалык саясатын жолго коюуга чакырды. Бул 2030-жылдагы жалпы социалдык коргоого жетишүү үчүн бир топ инвестиция салууну талап кыларын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0