Аялдардын укугун коргогула! БУУнун башкы катчысы талибдерге кайрылды

© REUTERS / JORGE SILVAАфган журналисти Талибан менен болгон пресс -конференцияда
Афган журналисти Талибан менен болгон пресс -конференцияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Гутерриш аялдардын, кыздардын коомдогу, экономикадагы ролу чоң экенин айтып, алардын маселеси көңүл чордонунда болушу керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш "Талибан"* кыймылы аялдардын жана кыздардын укугун коргоо маселесинде милдеттерин аткарбай жатканына тынчсызданып, уюмду берген убадасына турууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Афган аялдары менен кыздарына байланыштуу талибдердин берген убадасы аткарылбай жатканына санааркап жатам. Мындан улам Афганистандын кыздары менен аялдарынын кыялы талкаланат", — деди Гутерриш.
Анын айтымында, 2001-жылдан бери Афганистандын мектептеринде болгону 3 миллион кыз окуган. Ал эми окуу жылынын орточо узактыгы алты жылдан 10 жылга чейин эле. Гутерриш кыздар менен аялдар көңүл чордонунда болушу керектигин айтып, алардын окуу, иштөө, активдерге ээлик кылуу жөндөмүн өнүгүү гана аныктай турганын кошумчалаган.
"Афганистандын экономикасынын 80 пайызында аялдардын ролу чоң, бирок ал каттоого алынган эмес, бейрасмий болуп эсептелинет. Алар жок афган экономикасы жана коомчулугу кайра калыбына келе албайт. Мен талибдерди аял жана кыздар маселеси боюнча сөзүнө турууга чакырам жана эл аралык гуманитардык укук боюнча өз милдеттерин аткарууга үндөйм", — деди ал.
Тюрьма Пули-Чарки в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Талибдер өлүм жазасы менен кол кесүүнү кайрадан киргизүүнү ниеттенип жатат
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0