АКШ афган качкындарын кабыл алууну жандантты. Күнүгө 1000ден киши кирет

© REUTERS / Pool/Barbara DavidsonАКШдагы афган качкындары жайгаштырылуучу лагерь. Архив
АКШдагы афган качкындары жайгаштырылуучу лагерь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Америка афгандардын арасында кызылча оорусу күчөп кеткенинен улам кабыл алууну токтоткон болчу. Ушу тапта АКШ аймагында 50 миңден ашуун качкын баш калкалоодо.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. АКШ бийлиги үч апталык тыныгуудан соң афганистандык качкындарды кабыл алууну жандантып, бүгүн 300 кишиден турган алгачкы топ Германиядагы Рамштайн базасынан Филадельфияга учуп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кабул аэропортундагы Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Катарда Талибан* кыймылы АКШ делегациясы менен жолукту. Каралган маселелер
Авиабазанын командачысы Жошуа Олсондун айтымында, жакын арада АКШга күнүгө миңдин тегерегинде, жумасына 9 миңге чукул эвакуацияланган афгандыктарды жөнөтүп турууга жол ачылат.
Ушу тапта Кошмо Штаттардын аймагында 50 миң качкын баш калкалоодо, ал эми чет жактарда уюштурулган транзиттик лагердегилер он миңдеп саналары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0