Германияда Меркелдин ат минген айкели орнотулду

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKEГерманиянын канцлери Ангела Меркел. Архив
Германиянын канцлери Ангела Меркел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Скульптор айкелдин пьедесталы, аттын ээри жана тизгини жок экенин айтып, Меркель жупуну жана күчтүү аял экенин белгилеген.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Германиялык скульптор Вильгельм Кох өлкөнүн канцлери Ангела Меркелдин ат минген айкелин көрсөттү. Ал эмдиги жылы Бавариядагы музейге коюларын РИА Новости Spiegel басылмасына шилтеме берип жазды.
Айкелдин бийиктиги 2,7 метрди түзүп, 3D мөөр менен жасалган. Ат болсо Американын кыска аралыкка чуркаган күлүгүн элестетери айтылат. Меркель атты классикалык кийим кийип минип, адатынча эки колун бириктирип отурган.
"Меркель — бул икона. Анын чачы, кийими, турганы, колдору... Биз айкелди музейге алып бара жатканда жолдогу аял аны дароо таанып, бир күлүп алды", — деди Кох.
Скульптор айкелдин пьедесталы, аттын ээри жана тизгини жок экенин айтып, Меркель жупуну жана күчтүү аял экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0