Кыргызстанда эле эмес. Азык-түлүктүн кымбатташы 40 жылдан бери рекорд койду

© REUTERS / Toby MelvilleОвощная экспозиция на выставке цветов RHS Chelsea Flower Show
Овощная экспозиция на выставке цветов RHS Chelsea Flower Show - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Аналитик кардарлардын мүмкүнчүлүгү чексиз эмес экенин айтып, кайсы бир учурда баалар андан ары өсө албай кала турган учур келерин белгилеген.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бир жыл ичинде тамак-ашка болгон дүйнөлүк баанын индекси 27 пайызга өстү. Бул акыркы 40 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч экенин INFOLine маалыматтык-аналитикалык агенттигинин башкы директору Иван Федяков билдиргенин Ura.ru басылмасы жазды. 
Ал тамак-аштын баасы гана эмес, азык-түлүктүн бардык түрүнүн наркы көтөрүлгөнүн белгилеген.
"Жашылча-жемиш, тамак-аш, сүт азыктары эле кымбаттабастан, тоют, жер семирткичтердин да наркы өстү", — деди эксперт.
Аналитик кардарлардын мүмкүнчүлүгү чексиз эмес экенин айтып, кайсы бир учурда баалар андан ары өсө албай турган учур келерин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0