Гани Афганистандан 169 млн. доллар чыгарып кеткенби? АКШ изилдөөдө

© REUTERS / AFGHAN PRESIDENTIAL PALACEАфганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани. Архив
Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Гани Афганистандан качып бара жатып, өзү менен чогуу мамлекеттик казынадан миллиондогон долларларды ала кеткенин жазышкан.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ бийлиги Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани талибдерден качып, өлкөдөн чыгып бара жатканда миллиондогон долларды ала кеткен деген маалыматты иликтөөгө алды. Бул тууралуу АКШ өкмөтүнүн Афганистандагы реконструкция иштери боюнча башкы инспектору Жон Сопкого шилтеме берип "Известия" жазды.
"Бизде азырынча далил жок, бирок иликтеп жатабыз. Мындай өтүнүч менен АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы кайрылган", — деди Сопко.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Гани Афганистандан качып бара жатып, өзү менен чогуу мамлекеттик казынадан 169 миллион доллар ала кеткенин жазышкан. Бирок экс-президент кийин Бириккен Араб Эмирлигинде отуруп видео кайрылуу жасап, анда бул маалымат чындыкка туура келбесин айткан.
Казакстандын Афганистандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев Талибан* өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Казакстан Талибан* өкмөтүнө элчисин жиберип, сүйлөшүү жүргүздү
Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Ошол эле күнү Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.
Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
 
Жаңылыктар түрмөгү
0