Марк Цукерберг Facebook тармагынын иштебей калганы боюнча үн катты

© AFP / DREW ANGERERFacebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив
Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Марк Цукерберг соцтармактын ишинин жапырт үзгүлтүккө учурашы боюнча үн катып, өзүнүн баракчасына пост жазды.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг аталган социалдык тармактын аксаганына байланыштуу колдонуучулардан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган постунда айтты.
Бул компаниянын тарыхындагы эң масштабдуу өчүрүү болгону белгиленет.
"Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger эми кайрадан иштеп калды. Соцтармактардагы окуяга байланыштуу кечирим сурайбыз. Мен жакындар менен ар дайым байланышта болуу үчүн биздин кызматтарга канчалык таянарыңыздарды билем", — деп жазды Цукерберг.
Көпчүлүк постко жазган комментарийлеринде Цукербергди колдоого алганы менен үзгүлтүккө учураган маалда маанилүү маалыматтар жоголуп кетиши мүмкүн деп камтама болууда.
Facebook, Instagram, WhatsApp жана башка бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болгон.
Социалдык тармактардын тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Казакстан чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат
Downdetector каражатындагы маалыматтарга ылайык, бул Facebook тармагынын тарыхындагы эң масштабдуу өчүрүү болгон. Жагдайдан улам компаниянын акциясы беш пайызга түшүп, ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллардай чыгымга учураган.
Кийинчерээк Facebook тармагынын ишинин аксашы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болгону айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0