Кабулда мечитти жардырды деген ИМ* террорчулары жок кылынды

© REUTERS / WANA NEWS AGENCYТалибан согушкерлери Кабулда. Архив
Талибан согушкерлери Кабулда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кечээ Афганистандын борбору Кабулдагы Идгах мечитинде жардыруу болуп, 12 адам көз жумган. Дагы 32 киши ар кандай жаракат алганы айтылган болчу.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кабулда "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун мүчөлөрү жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости "Талибан"* кыймылындагы ишенимдүү адамдардын айтымына таянып кабарлады.
"Хаир-Хан районунда "Ислам мамлекетинин" согушкерлер тобу кыска атышуудан кийин өлтүрүлдү", — деген алар.
Эске салсак, кечээ Афганистандын борбору Кабулдагы Идгах мечитинде жардыруу болуп, 12 адам көз жумган. Дагы 32 киши ар кандай жаракат алганы айтылган болчу.
Жергиликтүү ЖМКлар Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахиддин бир нече күн мурда каза болгон апасына жаназа окулуп жаткан тушта жардыруу болгонун жазышкан.
* Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0