Эксперт: октябрда миллиондогон гаджеттин интернети өчүрүлүшү мүмкүн

© Photo / Pexels / Junior TeixeiraДоступ к интернету в КР
Доступ к интернету в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Android, iOs, Windows платформасын колдонгон планшет, ноутбук жана смартфон ээлеринде көйгөй жаралышы ыктымал болууда.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Октябрь айында миллиондогон гаджеттердин интернети өчүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" порталы экспертке таянуу менен жазды. 
Бул IdenTrust DST Root CA X3 санариптик сертификатынын иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу. Аталган сертификат Let"s Encrypt борбору тарабынан берилип, сайттар менен гаджеттердин ортосундагы маалымат алмашууну камсыздоо үчүн колдонулат.
Серверная - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Дүйнөдө интернет бир нече айга өчүп калышы мүмкүн. Окумуштуулар себебин айтты
REG.RU домендерди каттоо жана хостинг-провайдеринин техникалык директору Александр Хакимов Android, iOs, Windows платформасын колдонгон планшет, ноутбук жана смартфон ээлери интернетке кошула албай көйгөй жаралышы ыктымалдыгын айткан.
Ал Let"s Encrypt борборунун бекер берилчү санариптик сертификатын миллиондогон сайттар колдонорун белгиледи. Демек, жаңы менен эски сертификаттын ортосундагы ишеним системасынан улам желеге кошулуу көйгөй жаратышы мүмкүн.
Мындан улам эксперттер операциялык системаны жаңылоону же эски сертификатты 2035-жылга чейин иштей турган ISRG Root X1 сертификатына алмаштырууга кеңеш берет. Ошондой эле Firefox 50 же андан жаңы браузерди колдонууну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0