АКШнын Афганистанда калган курал-жарактары 85 миллиард долларга бааланды

© AFP / JOHN MOOREАКШ армиясынын курал жарактары. Архив
АКШ армиясынын курал жарактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Шугаевдин айтымында, Афганистанда сооттолгон миңдеген автоунаа, мылтык, жүздөгөн тик учак жана учак калган.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Америкалыктардын Афганистанда калган курал-жарактарынын баасы болжол менен 85 миллиард доллар болушу ыктымал. Бул тууралуу Россиянын аскердик-техникалык федералдык кызматынын директору Дмитрий Шугаев "Звезда" телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"85 миллиард доллар деген эмне деген сумма? Афганистанда брондолгон 22 миң автоунаа, 358 миң автоматтык мылтык, 176 артиллериялык жабдуу, 8 миң жүк ташуучу автоунаа, учак, жүздөн ашык тик учак калган", — деген ал.
Шугаев АКШ армиясынын Афганистандан шашылыш чыгып кетишин "мындан жаман сценарийди ойлоп табууга мүмкүн болгон эмес" деп белгилеген.
Избранный президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту
Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан" * кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0