Мирзиёев: өзбек чек арачысы Афганистан менен чектешкен жерде атышуудан көз жумду

© Sputnik / Саид Закерия / Медиабанкка өтүүКабулдагы аскер курал менен. Архив
Кабулдагы аскер курал менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
26-сентябрда афганистандык баңгитөбөл Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып, атышуу болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманганда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Афганистандын чек арасындагы атышуудан өзбек чек арачысы көз жумганын билдирди. Бул тууралуу "Нигох" Telegram каналы жазган.

Билдирмеге караганда, 26-сентябрда афганистандык баңгитөбөл Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда атышуу болгон.

"Аймактын бүтүндүгү боюнча маселе жаралганда биздин позициябыз бекем. Эгер зарылчылык жаралса, чек араны курал менен коргойбуз. Аскерлерибиздин бири милдетин аткарам деп каза болду. Ал ушул жердин — Намангандын уулу болчу", — деди Мирзиёев.

Жакында эле Индиянын бийлиги Афганистанга тиешелүү 2,7 милииард долларга бааланган үч тонна героин кармалганын маалымдаган. "Талибан"* кыймылы Афганистанды баңгизат колдонулбаган мамлекетке айлантарын убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0