Рахмат, апаке! Германияда Меркелге арналган сувенирлер сатылууда. Сүрөт

© AFP / INA FASSBENDER Германиянын канцлери Ангела Меркел
 Германиянын канцлери Ангела Меркел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Бүгүн Германияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Андан жеңген бундестаг депутаттары жаңы канцлер шайлашат. Шайлоого 2005-жылдан бери алгачкы ирет Ангела Меркель катышкан жок. Ал Германияны 16 жыл башкарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Германияда интернет-дүкөндөрдө кызматтан кетип жаткан канцлер Ангела Меркелге арналган сувенирлер сатылууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Сатуучулар туристтерге Меркелдин чач жасалгасы, келбети, костюмдары жана ромб формасына келтирилген колдору көрсөтүлгөн оюнчук, футболка, сүрөт, кружка жана кондитердик азыктарды сунуштап жатат. Мисалы, Меркелдин келбети түшүрүлгөн өрдөк оюнчуктар 16 еврого бааланууда. Дагы бир дүкөн Меркелдин колдору тартылып, Danke, Mutti (Рахмат, апаке) деп жазылган футболканы сатууда.

Анткен менен мындай сувенирлерди кадимки сувенир дүкөндөрүнөн жана көчөдөн табуу мүмкүн эмес.

Ал эми Кобург шаарындагы жумшак мамалактарды жасаган фабрика чачы Меркелдикиндей, колдорун алдыга ромб формасында кармаган оюнчукту сатып жатат.

Эске салсак, бүгүн Германияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Андан жеңген бундестаг депутаттары жаңы канцлер шайлашат. Шайлоого 2005-жылдан бери алгачкы ирет Ангела Меркель катышкан жок. Ал Германияны 16 жыл башкарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0