Кубада урунган эки бүркүттүн айынан учак кайра конууга мажбур болду. Видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОрел летит над Бирюзовыми озерами на острове Сахалин.
Орел летит над Бирюзовыми озерами на острове Сахалин. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Окуяда эч бир жүргүнчү жабыркаган эмес. Деген менен чукул тормоз берилгендиктен учактын дөңгөлөгү жарылып кеткен.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кубада Azur Air авиакомпаниянын Boeing-767-300 учагы жерден көтөрүлгөндө эки бүркүт урунган окуя катталды. Бул тууралуу TourDom.ru порталына таянып "Известия" жазды.

Кырсыктын кесепетинен жалын чыгып, жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшкөн. Экипаж аргасыздан кайра конгон.

Куштун бири аба кемесинин тумшук жагына урунса, экинчиси учактын оң жактагы кыймылдаткычына келип тийген. Эч бир жүргүнчү жабыркаган эмес. Деген менен чукул тормоз берилгендиктен учактын дөңгөлөгү жарылган.

"Коопсуздукту камсыздоо үчүн командачы учакты токтотуу чечимин кабыл алган. Аба кемеси кайрадан токтоочу жайына келип конгон", — деген авиакомпаниянын өкүлү.

Авиакомпания Кубага резервдеги учакты жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0