Адис АКШнын Россияга каршы санкциялары өзүнө кандай түйшүк жаратарын айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Американын конгрессмендери негизинен "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнө карата жаңы санкцияларды бекитишти. Ошондой эле 35 россиялыктан (саясатчы, ишкер жана журналисттер) турган топко карата чектөөлөрдү кеңейтүү тууралуу сөз болду.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы Москвага карата санкцияларды күчөтүү боюнча бюджет кабыл алды. Sputnik радиосунун эфиринде Саясий серепчилер жана консультанттар ассоциациясынын мүчөсү Кирилл Коктыш санкциялардын айрымдарынын кесепети АКШнын өзүнө кандай болорун айтып берди.

Избранный президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту
Конгрессмендер негизинен "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнө карата жаңы чектөөлөрдү аныкташты. Ошондой эле 35 россиялыктан (саясатчы, ишкер жана журналисттер) турган топко карата чектөөлөрдү кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Эми документ сенаттын кароосунан өтүп, андан соң президент Жо Байден кол коюшу керек. Коктыштын айтымында, жаңы санкциялар Россияга караганда АКШнын өзүнө көбүрөөк залакасын тийгизет.

"Албетте, чектөөлөр ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, бизди эл аралык акча которуу менен алектенген SWIFT системасынан чыгарып коюшу ыктымал. Бул нерсе соода операцияларына абдан олуттуу коркунуч жаратат. SWIFT системасынын негиздөөчүлөрү Россияны эч ким чыгарбасын, бул жөн гана коркутуу экенин айтууда. Чынын айтканда, компанияга деле мунун кереги жок. Кардарын жоготуу анын имиджине доо кетирет. Буга чейин Иранды чыгарып салганда бир топ негатив болгон", — деди Коктыш.

Мындан тышкары, адис санкциялардан улам криптовалютанын кадыры өсүп, рынокто долларга атаандаштык жаратарын айтат. Ошондой эле эл аралык соодада башка валюталардын көбүрөөк колдонула баштаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0