Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу

© REUTERS / ALEXANDER KUZNETSOVСеверное сияние в небе над Рованиеми
Северное сияние в небе над Рованиеми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Жердин үстүнөн 400 чакырым бийикте учуп жүргөн астронавттын айтымында, мындай керемет көрүнүшкө Айдын нуру "күнөөлүү".

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 43 жаштагы астронавт жана аэрокосмостук инженер Тома Песке уникалдуу сүрөттөр жана видеоролик менен бөлүшкөн. Анда толгон Айдын нуру көгүлтүр, өзгөчө бир түс менен жомоктогудай картина жараткан.

"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, адатта жашгылт түстөн кызыл, кара кочкул түскө өткөн уюлдук жаркырак мурда кездешпеген, бирюза өңүн да жарата аларын астронавт тартып алган.

​Автордун айтымында, мындай керемет көрүнүшкө Айдын нуру "күнөөлүү".

"Ай өтө бийикте туруп жана абдан жарык тийип, булуттарга да нурун төгүп, таптакыр бир башкача атмосфера жаратты", — деп жазган суктанганын жашыра албаган Тома Песке.

Фотография Кыргызстана, сделанная с МКС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2019
Кыргызстанды космостон көрдүңүз беле? Канадалык астронавт сүрөт жарыялады
Аэрокосмостук инженер бир нече мындай кубулушка байкоо салгандыгын, ал эми бул сапарда Айдын нуру өзгөчө көрк бергендигин белгилеген.

Бул кубулуш күндүн электр заряддарынын бөлүкчөлөрү Жердин атмосферасына кирип, кычкылтек менен азоттун бөлүкчөлөрү менен кагышканда пайда болот.

Песке учурда МКСтеги жети космонавттан турган экипаждын бири. Космостук эл аралык станция Жердин үстүндө 400 чакырым бийикте учуп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0