ЖМК: Марк Цукерберг Instagram өспүрүмдөргө зыян экенин билет

© AP Photo / Jeff Roberson, FileFacebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив
Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Макалада Марк Цукерберг аталган соцтармактын контенти менен алгоритми өспүрүмдөрдү кемсинүүгө тушуктуруп, айрымдарын суицид тууралуу ойлонууга мажбурлап коё аларынан кабардар.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Facebook өзүнө таандык Instagram социалдык тармагы өспүрүмдөргө, өзгөчө чоңоюп келе жаткан кыз балдарга зыян экенинен маалымдар. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына таянуу менен The Times жазды.

Иликтөөнүн натыйжасы жарыяланып, анда ар бир үчүнчү бойго жеткен кыздын өзүнүн бой-келбетине алымсынбай, нааразы болгону жазылган. Сурамжылоого катышкандар Instagram соцтармагы тынчын алып, депрессияга тушуктурат дешкен. Ал эми жаштардын дагы бир бөлүгү суицид тууралуу ойлонгонун мойнуна алды.

"Британиялык колдонуучулардын 13, америкалыктардын 6 пайызы өмүрүнө кол салуу тууралуу оюн дал ушул Instagram менен байланыштырган. Аталган соцтармакты колдонгондордун 40 пайыздан ашыгыраагы 22 жаштан төмөнкү куракта. АКШда 22 миллион өспүрүм Instagram баракчасына күнүгө баш багат", — деп айтылат макалада.

Телефондору тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты
Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, иликтөөчүлөр аталган көйгөйлөрдүн кээси жалпы социалдык тармак эмес, дал ушул Instagram тармагы менен байланыштуу деген тыянакка келишкен. Бул өзгөчө "социалдык салыштырууда", башкача айтканда, адам өзүн жылдыздар, ийгиликтүү көрүнгөндөр менен салыштырып жатканда байкалат.

Гезит Facebook башчысы Марк Цукерберг аталган иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2020-жылы эле таанышканын жазды. Буга карабастан үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн конгресстин отурумунда Цукерберг өзүнүн компаниясынын иликтөөсүнө таянып, байланышуу ыкмасы катары соцтармак адамдын психикасына жакшы таасир этерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0