Лавров: талибдердин бийлигин таанууга эч ким шашылган жок

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Министр талибдер эң башкысы Афганистан менен чектешкен башка мамлекеттерге коркунуч жаралбашы үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп ишендиргенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Талибдердин бийлигин расмий таанууга эч ким шашылган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

"Талибдердин бийлигин бир дагы мамлекет тааный элек. Бардыгы алар менен азыркы маселелер боюнча гана байланышуу керек деп жатат. Ириде коопсуздук, жарандардын укугун коргоо жана туура дипломатиялык миссияны түзүүнү камсыз кылуу маселеси турат. Талибдерди расмий түрдө таанууга азырынча эч ким шашкан жок", — деди Лавров.

Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Министр талибдер терроризм, наркотрафик менен каршы күрөшүү сыяктуу негизги максаттарын айтканын белгилеп, эң башкысы Афганистан менен чектешкен башка мамлекеттерге коркунуч жаралбашы үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп ишендиргенин кошумчалады. Лавров "Талибан"* кыймылы коңшу мамлекеттерде башаламандык уюштурбай, башкысы инклюзивдүү өкмөт түзүүнү убадалаганын айткан.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0