Кудум кишидей. Ийнеликтин "жуунуп" жаткан видеосу

© Photo / Pexels / Egor KamelevМакросъемка насекомых
Макросъемка насекомых - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Сүрөтчү ийнеликтин "ишин" жакшылап көрсөтүү үчүн кээ бир роликтердеги кыймылды 75 пайызга чейин жай кылып, жасап чыккан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ийнеликтин таң атпай "жуунуп" жаткан видеосун британиялык фотограф Оливер Райт тартып алган.

​Сүрөтчү бул жаныбардын "эртең мененки каадасын" жакшылап, так, даана көрсөтүү үчүн кээ бир роликтерин 75 пайызга чейин жай кыймылда кылып, жасап чыккан. Бийге окшогон кыймыл менен ийнелик көзүнөн, баш жагынан жамгырдын тамчысынбы, шүүдүрүмдүбү, айтор, алып жатканын көрүүгө болот. Роликтен кичинекей бул жаныбар башын бирде ылдый кылып, бирде чалкалап калып, ар кыл жол менен суудан кутулууга аракет кылган.

​Мындай кадрлар сейрек кездешкендиктен сүрөтчүлөр таңга маал атайын "фотомергенчиликке" чыгышат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0