Латвияда аскерлер машыгуу учурунда "атышып" элди чочутту. Видео

© Sputnik / Сергей Мелконов / Медиабанкка өтүүПразднование Дня независимости Латвии
Празднование Дня независимости Латвии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Латвиянын борбор калаасынын тургундарына шаардын чок ортосунда машыгуу болору боюнча алдын ала маалымат берилген эмес. Кадрдан баласын көтөрүп бараткан аялдын жанынан аскер ок чыгарганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Риганын чок ортосунда аскер кызматкерлери машыгуу учурунда ок чыгарып, жай тургундарды чочутту. Бул тууралуу Russia Today Telegram каналына жазды.

Шаардыктар аскерлер огу жок курал менен атышып жатканын видеого тартып алып соцтармактарга жүктөштү. Кадрга коляска сүйрөп бараткан аял дагы түшүп калган.

"Машыгуу өтө турганы боюнча элге алдын ала маалымат берилген эмес. Мындан улам аскерлердин борбордук көчөлөргө келиши көптөрдү чочутту", — деп интернет-колдонуучулар нааразы болушкан.

Латвиянын Коргоо министрлиги мындай машыгуу үчүн элден кечирим суроого аргасыз болду. Министрликтен шаардыктарды коркутуу максатын көздөбөгөнүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0