Итин көмгөнгө жай казып жатып The Rolling Stones тобунун менеджери өзү көз жумду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖер казып жаткан адам. Архив
Жер казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Менеджердин өлүмү кокустан болгон. Аялынын айтымында, итти көмүүгө даярдалган аңдын ичинде жүргөндө топурак урап, басып калган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Британиялык The Rolling Stones тобунун 73 жаштагы тур-менеджери Мик Бригден итин көмүш үчүн жай казып жатып өзү көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бригдендин жубайы Жулиянын айтымында, ал кокустан көз жумду. Менеджер аңдын ичинде жүргөндө топурак урап, басып калган. Анын тез арада каза болуп калганы айтылган.

Бригден The Rolling Stones тобунан сырткары Жо Сатриан, Питер Фрэмптон ижана Карлос Сантана аттуу музыканттар менен иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0