Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду

© AFP / GREG BAKERЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон "дельта" штаммы катары сыпатталып жатат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкканын РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып жазды.

Спорт залда машыгуу учурунда беткап кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
COVID болгондордун арасында күчтүү иммунитет иштелип чыгары аныкталды
Учурда Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылып, 18 адам симптому жок ооруп жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан 81 938 анализ  алынган.

Алдын ала берилген маалыматтарда коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон "дельта" штаммы катары аныкталганы айтылды.

ДССУнун маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 223 миллион киши коронавируска чалдыкты. АКШ, Индия жана Бразилия оор кырдаалда турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0