17:19 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (262)
99 0 0

АКШ өз жарандарын, башка мамлекеттин тургундарын жана өлкөдө калууну каалабаган афгандыктардын чыгып кетүүсү үчүн Катар өкмөтү, "Талибан"* кыймылы менен биргелешип иштей турганын жар салган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. АКШнын Афганистандагы атайын өкүлү Залмай Халилзад акыркы үч күндүн ичинде Кабул шаарынан 250дөн ашык чет элдик жаран тоскоолдуксуз чыгып кеткенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Чыгып кеткендердин ичинде АКШнын ондогон туруктуу резиденти бар. Алардын баары эч тоскоолдугу жок Катар каттамдары менен учуп кетишти. Бул каттамдарды уюштургандыгы үчүн Катар мамлекетине ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бул маанилүү иште "Талибан"* кыймылы менен кызматташууну колдойбуз", — деген ал.

АКШ өкүлү америкалыктар, башка мамлекеттин жарандары жана өлкөдө калууну каалабаган афгандыктардын чыгып кетүүсү үчүн Катар өкмөтү, "Талибан"* кыймылы менен биргелешип иштөөнү уланта турганын кошумчалаган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (262)

Тема боюнча

Медведев: афган окуясы РФ менен Борбор Азияда миграциялык кризис жаратышы мүмкүн
Талибдер жаңы өкмөттүн инаугурациясы 11-сентябрда болбой турганын кабарлады
Афганистанга айбат. "Рубеж — 2021" машыгуусунун күч-дарамети
Белгилер:
АКШ, Афганистан, Кабул, чет элдиктер, жаран

ЭҢ МААНИЛҮҮ