БУУ дүйнө коомчулугун Афганистандын жаңы өкмөтү менен диалогго барууга чакырды

© AFP / FABRICE COFFRINIБывший премьер-министр Португалии Антониу Гутерриш
Бывший премьер-министр Португалии Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Буга чейин Казакстан менен Өзбекстан Афганистандын жаңы бийлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту Афганистанды башкара баштаган талибдер менен диалогго барууга чакырат. Бул тууралуу France Presse агенттигине шилтеме берип "Известия" жазды. 

"Өз принциптерибизди билдирип, ошол эле учурда талибдер менен диалогго барууну унутпашыбыз керек. Биз бул нерсени афган элине тилектештик иретинде кылабыз", — деди Гутерриш.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Афганистандын жаңы бийлиги менен гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн конструктивдүү байланыш түзүүгө даяр экенин билдирген. Өзбекстан бийлиги дагы Афганистанда убактылуу өкмөттүн түзүлгөндүгүн колдой турганын айтып чыккан.

Ал эми АКШ президенти Жо Байден АКШ "Талибан"* кыймылын Афганистандын расмий өкмөтү катары таануусуна көп убакыт бар экенин айткан.

Афганистанды багынткан талибдер. Өлкөдөгү кырдаалды көрсөткөн видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Афганистанды багынткан талибдер. Өлкөдөгү кырдаалды көрсөткөн видео
"Талибан"* кыймылы үч ай мурда активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы 20 жылга созулган согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп жарыялашкан. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин билдирген. Каршылык көрсөтүүчү күчтөр талибдер менен партизандык согушка өткөндүгүн айтышкан.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0