Талибдер Панжшерден миң кишини кубалап жибергени айтылды

© AFP / AHMAD SAHEL ARMANПанджшердеги талибтерге каршылык көрсөтүү афгандар
Панджшердеги талибтерге каршылык көрсөтүү афгандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Афганистандын каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү дүйнө коомчулугуна кайрылып, аларды Панжшер маселесине киришүүгө чакырды.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Талибдер Панжшер провинциясынан миң кишини кууп жиберди, андан сырткары, этникалык тазалоо жүргүзүп жатат. Бул туурасына "Афганистандагы каршылык кылуу боюнча улуттук фронттун" өкүлү Али Назаринин айтканын РИА Новости жазды.

"Талибан"* Панжшерден миңдеген кишини кууду. Алар этникалык тазалоо кылып жатат, ал эми дүйнө кырдаалды тоготпой, муну карап турат", — деп жазган Назари Twitter баракчасына.

Каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү дүйнө коомчулугун бул маселеге киришүүгө чакырды.

"Талибан"* кыймылы үч ай мурда активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы 20 жылга созулган согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Кабулда Талибан кыймылын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
ЖМК: талибдер ант берүү аземин 11-сентябрга белгиледи
Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин билдирген. Каршылык көрсөтүүчү күчтөр талибдер менен партизандык согушка өткөндүгүн айтышкан.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0