Коронавирус кээри. Украинада өлгөндөрдү огородго да көмүшкөн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТабытты жерке көмүп жаткан адамдар. Архив
Табытты жерке көмүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Мүрзө башчысы Ярослав Мартынов оору күч алган мезгилде көз жумгандардын сөөгүн кайда коюшту билбей калышканын белгиледи.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Украинанын Львов облусунда каза болгондордун сөөгүн огородго көмө башташты. Бул тууралуу РИА Новости "Украина 24" телеканалына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя аталган облустун айылдарынын биринде болгон. Ирина Ривак аттуу жергиликтүү тургун былтыр жайында өзүнүн жеринде түшүм жыйнап жүргөн жеринен адам көмүлгөн жер көрүп калганын айткан.

"Карантин болгондуктан бул жакка келе элек болчубуз. Жазында келсек бизди ушундай "сюрприз" күтүп туруптур", — деген ал.

Маалым болгондой, мүрзө пайда болгон жер тилкеси 1990-жылдары азиз адамдарга берилген. 2008-жылы огороддордун ээлери жерди менчиктештирүүнү баштап, кооператив түзүшкөн.

"Жерлер менчикке жайында өттү. Ал маалда огороддорго өлгөн адамдардын сөөгү коюлуп калыптыр. Бул — бизге 1992-жылы айылдык кеңеш бөлүп берген жер", — деген кооператив төрайымы Наталья Ониськив.

Индияда COVID-19 өлгөн кишинин сөөгүн туугандары көтөрүп бара жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды
Мүрзө башчысы Ярослав Мартынов мындай кадамга коронавирустан улам аргасыздан барышканын билдирген. Анын айтымында, оору күч алган мезгилде көз жумгандардын сөөгүн кайда коюуну билбей калышкан.

Телеканал маалымдагандай, талаш болгон жерге сөөк коюу убактылуу токтотулду. Бирок буга чейин акы төлөп ээлеп койгондорго сөөк коюуга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0